ЖМК: АКШ Иранга каршы жашыруун операция жасоону караштырып жатат

© AP Photo / Darko BandicСириядагы америкалык аскерий базалардын биринин жоокери. Архив
Сириядагы америкалык аскерий базалардын биринин жоокери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Агенттик Байденге мындан аркы таштай турган кадамдарынын экономикалык кесепетин эске алуу зарылдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Иорданиянын түндүгүндө АКШнын аскер базасына кол салуудан үч жоокер көз жумгандан кийин Вашингтон Иранга каршы жашыруун операция жасоо мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине таянып кабарлады.
"Болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бири — АКШ Иранга сокку уруп, жашыруун жасалчу операция. Буга жоопкерчилик албайт, бирок мунусу менен так, даана эскертүү кылат", — деп жазган агенттик.
Мурдагы президент Дональд Трамптын тапшырмасы менен болгон 2020-жылы Багдадда Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК, Куралдуу күчтөрдүн элиталык бөлүктөрү) генералы Касем Сулейманини өлтүрүү сыяктуу эле АКШ ирандык аткаминерлерге кол салуу аркылуу түз жооп берет деген вариант да четке кагылган эмес.
Агенттик Жозеф Байдендин Иорданиядагы базага жасалган чабуулга реакциясы анын президенттик мөөнөтүндөгү кесепети оор кадамдардан болушу мүмкүндүгүн айткан. Бир жагынан кол салуунун "авторлорун" жазалоону көздөгөн, ал эми башка тараптан алганда АКШны Иран жетекчилиги менен түз душмандашууга тарткан. Агенттиктин жазганына караганда, курчуган мындай абал Израилдин ХАМАС менен диалогуна жасай турчу АКШнын аракеттерин токтотушу коюшу ыктымал. Агенттик Байденге мындан аркы таштай турган кадамдарынын экономикалык кесепетин эске алуу зарылдыгын белгилеген.
АКШ жана Улуу Британиянын желектери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
АКШ кайрадан Йеменге сокку уруп, эмне максаты бар экенин ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0