Эмгек министрлиги бардык социалдык стационарларда видеокамера орнотулганын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИнтернатта жашаган адамдар. Архив
Интернатта жашаган адамдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Маалыматта 17 интернатта 2 332 адам жашай тургандыгы айтылган.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бардык улгайган жарандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Бул чара министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында берген тапшырмасынын негизинде жасалды. Ошондой эле тапшырманы эмгек министри өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында берген болчу.

“Учурда 17 интернатта 2 332 адам жашайт, анын ичинен 522си улгайгандар жана жалпы оорусу боюнча майыптыгы бар жарандар, 1810 адам — психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Административдик кырдаал борборуна социалдык стационардык мекемелерди кошуу иштери да жүрүп жаткандыгы айтылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Радио
Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдүн ондон ашык түрү бар
Жаңылыктар түрмөгү
0