"Сапатта" окуучуну сабаган мугалим башка дагы 7 окуучуга кол көтөргөн

© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"Кызыл-Кыядагы "Сапат" лицейинин имараты. Архив
Кызыл-Кыядагы Сапат лицейинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Эки күн ичинде окуучуларга психологиялык тест жүргүзүлгөнү айтылды.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кызыл-Кыяда "Сапат" лицейинде окуучуну сабады деген мугалим андан башка дагы жети балага кол көтөргөн. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев депутаттарга билдирди.
Анын айтымында, соцтармакта жарыяланган видеодон кийин атайын комиссия түзүлүп, алар 24-25-январда окуяны териштирген. Эки күн ичинде окуучуларга психологиялык тест жүргүзүлгөн.
"Натыйжада лицейде бир эле бала эмес, 10-класстын дагы 7 окуучусу жабыркагандыгы аныкталды. Бирөөсүнүн мурду канаган, экинчисинин башы, жүрөгү айланып, денесинин оң тарабы ооруганын айткан. Мен баарын окубай эле коёюн, ошентип 7 окуучу ушул мугалим тарабынан сабалган", — деди Касымалиев.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта эркек киши окуучуга кол көтөрүп, уруп-согуп жаткан видео тараган. Анда окуя Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгону жазылып, кийин милиция окуяны териштирген. 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 16 жаштагы окуучуну уктоочу бөлмөдө достору менен отуруп катуу күлгөндүгү үчүн коридорго алып чыгып, бетке урганын айткан. Бул иш боюнча лицейден окуучуга кол көтөргөн мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулганын кабарлашкан.
Педагог-психолог, балдар психологу Айнек Муратбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Радио
Балдар эмне үчүн өспүрүм куракта кыйналат? Психологдун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0