Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: аялдардын достугу эмоционалдык байланыштын негизинде курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Асел Сүйүнбаева
Психолог Асел Сүйүнбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Психолог Асел Сүйүнбаева жаш курак жогорулаган сайын жөн эле чай ичип кобурашып отурганга адам керек болуп каларын айтты.
Бардык курактагы адамдар үчүн достук убакыттын өтүшү менен пайда болот, өнүгөт жана кээде бузулат. Эмоционалдык жыргалчылык үчүн туруктуу, бекем достук абдан маанилүү. Бул тууралуу Асел Сүйүнбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог: аялдардын достугу эмоционалдык байланыштын негизинде курулат
Анын айтымында, жаш курак жогорулаган сайын жөн эле чай ичип кобурашып отурганга адам керек болуп калат.
"Эркектердин достугу мектеп кезинен башталып, эки адамды бириктирген жумушу, жалпы кызыкчылыгы болот. Керек кезде турмуштун ар кыл кырдаалында бири-бирине жардам берип, жөлөк болуп колдоо көрсөтүү үчүн достошушат. Ал эми аялдардын достугу эмоционалдык байланыштын негизинде курулат. Алар бири-бирине алыс болсо дагы эмоционалдык колдоо көрсөтүшөт. Бири-биринин акчасы деле кереги жок. Андыктан аялдардын достугу эркектердикине караганда бекемирээк болорун белгилегим келет. Бирок ошол эле кезде аял киши турмушка чыгып чөйрөсү алмашкан учурда кыз кезиндеги курбусунан алыстап, байланыш үзүлүп кеткен учурлар да бар. Эгерде ошол достукту сактап кала ала турган болсо ал түбөлүккө уланат. Аялдар сезимдери менен бөлүшүп, ичиндеги сырларын айтып алуу үчүн курбуга муктаж. Аялдын психикасынын өзгөчөлүгү — досун жөн эле угуп койбойт. Ар бир учурда курбусунун окуясына сүӊгүп кирип, окуяга жараша кубанычтан кайгыга чейинки эмоциялардын бардык спектрин башынан өткөрөт. Негизи эмоционалдык жыргалчылык үчүн туруктуу, бекем достук абдан маанилүү. Өзгөчө адамдардын жашы жогорулаган сайын буга муктаждык өсөт. Ал учурда досуӊдун материалдык колдоосу деле кереги жок болот. Жөн эле чай үстүндө кобурашып отурганга адамга адам керек болуп калат. Бирок бул жашоодо ошондой чыныгы досту табуу лотереядан байге жеӊип алгандай эле. Кээ бир адамдарга эле буюрат. Андыктан "мен достукка ишенбейм", "досум сатып кетти" дегендерге ошол жагын карап көргүлө деп айтар элем. Балким өзүӊөр эле ал адамга "дос" деген статус берип алгандырсыӊар. Чындап келгенде ал адам жакшылык-жамандыкта достукту айгинелеген кадамдарга барып, сизге чын ыкластан мамиле кылган эместир. Эгер адамды жакшы билген болсоӊуз ал өзү эле сезилет", — деди Сүйүнбаева.
Психолог достукту деле сүйүүдөй баалап, барктап, бапестеп багып, ал үчүн да убакыт бөлүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0