Айланма жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Жабыркагандар да бар

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldЖол кырсыктын айынан айнеги сынган автоунаа. Архив
Жол кырсыктын айынан айнеги сынган автоунаа. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Каза болгон киши менен жабыркагандардын баары Ысык-Ата районундагы ооруканага жеткирилди.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Айланма жолдо катталган жол кырсыгында бир адам каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк маалымат булактары билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгында дагы үч адам жабыркаган.
“Баары Ысык-Ата райондук ооруканасына алып келинди. Жабыркагандардын бирөө оор абалда, анын омурткасы сынып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, эки адам ооруканага жатуудан баш тартты”, — деп билдирди бизге маалымат булагы.
Жол кырсыгы бүгүн болду. Ысык-Ата районунун Алга айылына жакын жерде оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышкан.
Ооруканада жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Айланма жолдогу кырсык беш адамдын өмүрүн алды
Жаңылыктар түрмөгү
0