Футбол союзу Штефан Тарковичтин мындан аркы тагдыры тууралуу айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Буга чейин Таркович өзү да команданы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдайм деген ниетин билдирген.
БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин дүйнө чемпионатына жана кийинки Азия кубогуна тандоо боюнча төрт оюну бар. Бул оюндарда ал команданын башында, жанында болушу керек. Мындай пикирин жакында эле Футбол союзунун президенти кызматынан кеткен Медербек Сыдыков билдирди.
Эске салсак, Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы тайпада акыркы орунга илинип, плей-оффко чыга алган эмес. Жыйынтыгында президенти Сыдыков баштаган Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырышкан. Алар милдетин 19-февралга чейин кыргыз футболуна жаңы жетекчи келгиче аткарып турушмакчы.
"Машыктыруучу Штефан Таркович менен келишим 30-июнга чейин түзүлгөн. Алдыда анын дүйнө чемпионатына жана кийинки Азия кубогуна тандоо боюнча төрт оюну бар. Мындан улам машыктыруучу бул оюндарда команданы башында, жанында болушу керек", — деген Сыдыков.
Буга чейин Таркович өзү да келишим июнга чейин түзүлгөнүн айтып, команданы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдайм деген ниетин билдирген.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
Жаңылыктар түрмөгү
0