Вагон-вагон азык-түлүк... Курчоодогу Ленинградга Кыргызстан кандай көмөк көрсөткөн?

© Sputnik / Борис Кудояров / Медиабанкка өтүүКурчалган Ленинградга баржа менен азык-түлүк жеткирүү. Архивдик сүрөт
Курчалган Ленинградга баржа менен азык-түлүк жеткирүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Мындан туура 80 жыл мурун, тагыраак, 1944-жылдын 27-январында, Кызыл армия фашисттердин мизин кайтарып, Ленинградды 872 күнгө созулган курчоодон толук бошоткон.
Курчоо маалында Ленинградга азык-түлүк жеткирүүнүн жападан жалгыз ыкмасы Ладога көлү аркылуу өткөн "өмүр жолу" эле. Туңгуюкта калган калаага союздук республикалардын баары жардамдашууга тырышып, Кыргызстан да четте калган эмес. Ошол окуяга кезегинде Кыргыз ССРинин жашоочуларынын салымы туурасында тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун кеңешчиси Леонид Сумароков менен баарлаштык.
© SputnikКыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун кеңешчиси Леонид Сумароков
Кандидат исторических наук Леонид Сумароков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун кеңешчиси Леонид Сумароков
— Соңку убакта интернетте "Ленинград курчоосу — миф, эбегейсиз сандагы жоготууларга карабай өжөрлөнгөн советтик армия шаарды бергиси келген эмес, ал эми фашисттер кайра ленинграддыктарга жардамдашууга аракет кылып, азык-түлүк жеткиришкен" деген кептер жүрөт. Батыштын айрым маалымат булактары "немецтер болгону калааны кандуу коммунисттик режимден бошотууга тырышкан" деп жазып чыгышты. Андай тарыхчы сөрөйлөргө сиздин жообуңуз кандай?
— Биринчиден, фашисттик Германия Ленинградды коммунисттик режимден куткаруу үчүн эмес, өз көйгөйүн чечүү үчүн территорияларды басып алууну көздөгөн. Ушундай эле нукта аны менен Финляндия да иштешкен. Ленинградды басып алышса, анда аларга Москвага жана Россиянын дал ортосуна активдүү чабуул коюуга жол ачылмак. Эгер кимдир бирөө фашисттердин планында Борбор Азия аймагында согуштук аракеттерди баштоо ниети болгон эмес деген пикирде болсо катуу жаңылышат: немецтер согуш отун бул чөлкөмдө 1941-жылы эле тутантууну самашкан.
Эгер кай бири борбор азиялык территорияга чабуул жасалган эмес деген ойдо болсо ал да жаңылыш: Сталинградды коргоо үчүн салгылашта немецтер Казакстандын түндүк райондорун бомбалашкан. Кызыл армия Сталинградда фашисттердин мизин кайтарып, Кавказдан ары сүрүп чыгарганы үчүн гана толук масштабдуу аскердик аракеттерге жол берилген жок. Ленинградда деле ошондой көрүнүш болгон. Курчоодо калган калаа душман менен дээрлик тогуз жүз күндөй кармашкан. Өлкөнү душмандын уучунан жана талкалануудан ошол күндөрү күжүрмөн эрдик гана сактап калган. Ленинградды алдырып жиберүү Германиянын көптөгөн маанилүү стратегиялык максаттарын жүзөгө ашырып коймок.
1941-1942-жылкы кышта курчоодо калган калаада суткасына 4 миңден киши набыт болгон. Ошого карабай заводдор иштеп, техника, анын ичинде ок өткөрбөс поезддер чыгарылган. Электр кубаты менен Ленинграддын аймагынын 15 гана пайызы камсыздалса да өндүрүш, иш дегеле токтогон эмес. Волхов ГЭСи 1942-жылы кайра калыбына келтирилип, ошондон тарта электр шаарга Ладога көлү аркылуу берилип турган.
Ошол кезде шаар ачкачылыкка, ар кандай илдеттерге кабылган, бирок эл кошуундардын катарына кошулуп, Ленинградды колдон чыгаруу андан да арбын жоготууларга кептеп коерун аңдап болушунча коргонушкан.
Батыштагылар "эл коммунисттик эзүүдөн кутулуу үчүн күрөшкөн" деп айта бергенди жактырышат. Бирок совет эли кыраакы келип, кас деген эмне экенин, кандай каргашага кабылтарын терең түшүнгөн. Урпактар улуу ата-бабаларынын кебине кулак салганы дурус. Чоочун байкоочулардын жана көрө албастардын кебине алданбашы керек.
© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүАлександринский театрынын жанындагы аянтта жалпы аскердик даярдык. Ленинград, октябрь, 1941 жыл
Блокадный Ленинград - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Александринский театрынын жанындагы аянтта жалпы аскердик даярдык. Ленинград, октябрь, 1941 жыл
— Ленинграддын курчоодон чыгарылышына кыргызстандыктардын кандай тиешеси бар?
— Түз тиешеси бар. Мисалы, мен ленинграддык эмесмин, бирок атам 1942-жылдын күзүндөгү операцияда 136-ок атуучу дивизия менен катышкан. Ленинграддык кошуундун катарында болгон. Ага мектепти аяктаары менен кирген экен. Негизи эле Ленинград жана аны курчоодон чыгарууга Кыргызстандын салымы жөнүндөгү тема, менимче, аягына чейин изилдене элек. Жакында архивди карап отуруп, "Биз — Ленинграддын досторубуз" деген китеп колго урунду. 1946-жылы жарык көрүптүр. Китепти Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы Молдогазы Токобаев жазган экен. Ал чоң жүктү эки ирет коштоп барып, эки жолку экспедицияда болуптур.
Токобаев курчоодо калган калааны, андагы жүрөк тилген жагдайларды өз көзү менен көргөн алгачкы кыргызстандыктардын бири эле. Экспедициянын катышуучулары ошондо Ленинграддагы жападан жалгыз иштеп турган музыкалык комедия театрында болушкан.
Ошондогу сүрөттөр сакталуу, алардан аталган шаардагы көрүнүштөрдөн үрөйү учкан кыргызстандыктардын жүздөрүн байкоого болот. Республикага кайтканда алар көргөнүн айтып берип, Ленинградга кол сунуу демилгеси ошондон улам жаралган. Буюм-тайым жана азык-түлүк топтоо башталган.
Баса, ошол сапардагы көрүнүктүү бир учурду белгилеп койгон оң: Нариманов атындагы колхоздун башкармасы жана ленинграддык заводдордун биринин жетекчиси социалдык мелдеш сымал уюштурууга макулдашышат. Колхоз пахта өстүрүп, ал эми завод дүрмөт өндүрөт. Ошентип колхозчулар азык-түлүк чогултуп заводго жөнөтүп, ал эми бир нече айдан соң "Нариманов колхозунун мүчөлөрүнөн душман тарапка атылды" деген жазуу менен снаряддар чыгарылган. Дагы бир ленинграддык завод Кыргызстанга жүк ташуучу унаа жиберген! Ошондой эле темир тилкелерин, мык жана башкаларды жардамга алкыш иретинде салышкан.
Жалпы жонунан Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Кыргыз ССРинен Ленинградга гуманитардык жардам — азык-түлүк жана кийим-кече жүктөлгөн 103 вагон жөнөтүлгөн. Маселен, 1942-жылдын февралында душмандар тороп алган шаарга Ленинград аскердик бөлүктөрүн жана "Октябрь революциясы" сызыктуу кемесин коргогон тургундар үчүн азык-түлүк жүктөлгөн 50 вагон кеткен.
1942-жылы ленинграддык партизандар Кыргыз ССРинин жетекчилигине кайрылып, жылуу кийим-кече жана бут кийим чыгарып берүүнү өтүнүп, акысын да сунушташкан. Бирок, албетте, кыргызстандыктар алышкан эмес. Республиканын өкмөтү тийиштүү кийим-кече тигилип, партизандарга жөнөтүлсүн деген токтомду дароо чыгарган. Себеби алар фронттун чегинен тыш — душмандын территориясында болушкан. 1941–1942-жылдары партизандар ленинграддыктарга 226 араба азык-түлүк чогултуп жөнөтүшкөн.
© Sputnik / Георгий ЧертовПартизандык аймактын айылдарында жашаган партизандардын жана дыйкандардын делегациясы блокададагы Ленинграддын тургундары үчүн чогултулган азык-түлүктөрдү жеткирип жатат
Великая Отечественная война 1941-1945 годов. Блокадный Ленинград - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Партизандык аймактын айылдарында жашаган партизандардын жана дыйкандардын делегациясы блокададагы Ленинграддын тургундары үчүн чогултулган азык-түлүктөрдү жеткирип жатат
— Ошол жылдары Кыргызстанга курчалган Ленинграддан көптөгөн балдар да көчүрүлгөнү айтылат...
— Согушка дейре Ленинградда 2,5 миллион киши жашаган. Алардын 632 253 ачарчылыктан, 16 747 адам артиллерия огунан набыт болуп, 840 600 киши коопсуз жайга жеткирилген. Кыргызстанга ошондо бүтүндөй балдар үйлөрү, атап айтканда, 1941-жылдын ноябрынан 1942-жылдын сентябрына дейре республикага батыш аймактарынан (Ленинграддан эле эмес) 3 438 бала менен 41 балдар үйү көчүрүлгөн. Согушка чейин Кыргыз ССРинде 18 балдар үйү болсо, жаңы келгендерден улам жаңылары ачылып отуруп 1942-жылдын октябрында алардын саны 32ге жеткен.
Биздикилер балдарды аябай жылуу тосуп алышкан. Маселен, кичкинтай ленинграддыктарды Күрмөнтүгө жеткирүү үчүн Рыбачьеден (азыркы Балыкчы – ред.) баржага (жүк ташуучу кеме) салганча, Ысык-Көл кеме мекемесинин кызматкерлери бардык жактан аз-аздан чогултуп отуруп, бөбөктөрдүн курсагын тойгузушкан. Ушундай эле көрүнүш Күрмөнтүдө да кайталанган. Айылдык советтин төрайымы Токтогон Алтыбасарова ар бир үйдүн каалгасын каккылап, илмийген арык, баштары чоң, моюндары ичке балдар келгенин көзүнө жаш тегерене айтып берип, жардам сураган.
© Sputnik / Всеволод ТарасевичКурчалган Ленинграддан балдарды эвакуациялоо
Великая Отечественная война 1941-1945 годов. Блокадный Ленинград - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Курчалган Ленинграддан балдарды эвакуациялоо
— Кыргызстандыктар фронтко материалдык жактан гана эмес, моралдык жактан да көмөктөшкөн эмеспи.
— Албетте! Мисалга, 1942-жылы Ленинградга азык-түлүк алып барган делегациянын курамында "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редакторунун орун басары Владимир Орлов да болгон. Кайткандан кийин ал киши курчоодо калган калаа турмушу туурасында төрт чоң очерк жазганы маалым. Ошол эле топто акын Кубанычбек Маликов да болуп, жазган ыр саптарын Ленинградда окуган. Делегациянын ар биринде чыгармачыл адамдар болгон. Молдогазы Токобаевдин өзү да кыргыз драматургиясын түптөөчүлөрдүн бири, дал ошол киши республикадагы көп актылуу алгачкы спектаклди жараткан.
1943-жылы Ленинградга Алымкул Үсөнбаев да барып, ал да ыр арнаган. Ошол ырлар "Ленинградская правда" гезитинин 1943-жылдын 21-ноябрындагы санына жарыяланган. Анда бүтүндөй бир бет Кыргызстанга арналып, республикадагы кызылча түшүмү, ленинграддык балдар кандай жүрүшкөнү жөнүндө айтылган. Токобаев душмандын мизин кайтарууга кыргызстандыктардын салымы туурасында ири макала жазган.
Ал эми 23-ноябрда өткөрүлгөн чыгармачыл кечеге ленинграддык акын-жазуучулар чогулуп, алардын арасында Николай Тихонов да болгон. Кече кыргыз акын-жазуучуларынын урматына уюштурулуп, алардын орус тилине которулган ырлары да окулган.
Кийин Балтика флотунда кызмат өтөгөн Всеволод Вишневский да Токобаевге "Кронштадт менен Балтика флоту кебелбестен туруп Батышка чечкиндүү сокку уруу буйругун аткарып жатканын Кыргызстанга кабарлап коюңуз. Биз чабуулга даярбыз, сиздер менен ушул аскердик маалда кезигип турганыбызга кубанычтабыз" деген кат жазган. Ошол катта айтылган кабар — 1944-жылдын январындагы окуя, тагыраагы, бизди жеңишке жетелеген ленинград-новгород операциясынын башталышы.
Айтмакчы, мен кийин тактаганым боюнча, 1942-жылы Волхов фронтуна аттанган жети адамдан турган топтун курамында генерал Панфиловдун жубайы Мария Ивановна да болгон. Кыязы, бул да жоокерлерге дем берүү үчүн уюштурулган окшойт. Ал киши ошол убактагы карапайым советтик кишидей эле шырылган сырт кийим, чокой, топучан келген.
© Sputnik / Наталия Князева Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун кеңешчиси Леонид Сумароков: Кыргызстанга ошондо бүтүндөй балдар үйлөрү, атап айтканда, 1941-жылдын ноябрынан 1942-жылдын сентябрына дейре республикага батыш аймактарынан (Ленинграддан эле эмес) 3 438 бала менен 41 балдар үйү көчүрүлгөн
Советник ректора КРСУ по вопросам историко-культурного наследия Леонид Сумароков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун кеңешчиси Леонид Сумароков: Кыргызстанга ошондо бүтүндөй балдар үйлөрү, атап айтканда, 1941-жылдын ноябрынан 1942-жылдын сентябрына дейре республикага батыш аймактарынан (Ленинграддан эле эмес) 3 438 бала менен 41 балдар үйү көчүрүлгөн
— Мындан тышкары, Кыргызстанга көптөгөн завод, фабрика, театрлар көчүрүлүптүр... Эвакуация республиканын өнүгүшүнө катуу таасир эткен беле?
— Кыргыз ССРине 66 ишкана көчүрүлүп, бул экономикалык өнүгүүгө чоң түрткү болгон, анткени согуштан кийин өндүрүштүн көбү республикада калган. Маданий объектилердин арасында жергиликтүү чыгармачыл жамааттар менен жигердүү кызматташкан Ленинграддык капелла да келген. Мындан сырткары, Ленинград кеме куруу институту, Аскер-деңиз окуу жайы, Лесгафт институту (анын кызматкерлери жарадарларды реабилитациялоо менен алектенген) ташылган.
Баса, Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу документтерди изилдөөдө жергиликтүү калк менен Советтер Союзунун башка калааларынан көчүрүлүп келгендердин ортосунда кандайдыр жаңжал жөнүндө маалыматты кезиктирбедим. Мында баарына орун табылып, эч ким улуттук же социалдык өзгөчөлүгүнө карап бөлүнгөн эмес, душманды талкалоо үчүн шарттарды камсыз кылууга баары ынтымакташып аракет кылышкан.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү872 күнгө созулган Ленинград блокадасын бузган Кызыл Армиянын жоокерлеринин жолугушуусу (1941-жылдын 8-сентябры – 1944-жылдын 27-январы)
Встреча солдат Красной армии после прорыва блокады Ленинграда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
872 күнгө созулган Ленинград блокадасын бузган Кызыл Армиянын жоокерлеринин жолугушуусу (1941-жылдын 8-сентябры – 1944-жылдын 27-январы)
— Тизгин жыяр алдында, келиңиз, тактап алалы, 1944-жылдын 27-январында эмне болду эле?
— Советтик күчтөрдүн чабуулдук операциясы 14-январда башталып, 1-мартта аяктаган. 27-январда фашисттерди Ленинграддан сүрүп чыгарып, бошотулган калаада салют — 324 куралдан абага залп атылган. Артиллериянын мындай саны да тегин жерден топтолгон эмес, ал андан ары жылуу үчүн Кызыл армия күчүн топтогонунун белгиси эле. Ошентип бул операция убагында биздин жоокерлер душманды 200 чакырымдан ашуун аралыкка сүрүп чыгарып, Эстония менен Латвиянын чек арасына карай чыга алган. Советтик күчтөр ошондо эле Украина, Беларустун территориясында болушкан.
Сөз соңунда эмне айтмакчымын... Ленинградды курчоо маалында 713 танк, танкага каршы коргонуучу 3 000 курал, 10 300 миномет, 480 ок өткөрбөс унаа жана 58 сооттолгон поезд жасалган. Бул эбегейсиз кубаттуулук! Ушул көрсөткүчтөр ленинграддыктардын эркинин күчүн айгинелеп турат. Кыйынчылыктарга, айрыкча алгачкы кыштагы азапка карабастан алар туруштук берип, акыры жеңишке жетишкен.
Ленинград блокадасынан аман калгандар суу үчүн кезекте турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Ленинграддын азаптуу блокадасында жылыткан тыбыт жоолук. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0