Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Пентагон: АКШ Украинага курал берүү боюнча азырынча үн катпайт

© AP Photo / Carolyn KasterАКШ Пентагону. Архив
АКШ Пентагону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Америка бийлиги Киевге көмөктөшүү боюнча Конгресстен кошумча каржылоону дагы деле күтүп жатканын айтты.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ каражат боюнча Конгресс менен макулдашуу жок болгондуктан өзүнүн армиялык запастарынан Украинага жаңыдан курал берүү жаатында унчукпай турган болду. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдерге таянып жазды.
"Албетте, президенттик укуктун алкагында жаңы жардамдарды бөлүү боюнча эч нерсе айтылбайт, жар салынбайт. Биз дагы деле Конгресстен кошумча каржылоону күтүп жатабыз", — деген ал брифинг учурунда Пентагон жаңы көмөк туурасында маалымат берер-бербеси боюнча суроого жооп узатып жатып.
Райдер Киевге курал мурда кабыл алынган "Украинанын коопсуздугун колдоо" чечиминин алкагында өндүрүштүн көлөмүнө карата берилип турарын белгилеген.
Буга чейин РФ НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Кремль Киев бийлигин тишине чейин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизерин айткан. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.
АКШ президенти Жоз Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден конгрессчилер Киевге каралган жардамды токтотушу мүмкүндүгүн моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0