Жогорку Кеңеш жаштарды "дарыкана баңгилигинен" коргоочу токтом кабыл алды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАптекада иштеген фармацевт. Архив
Аптекада иштеген фармацевт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Депутат күчтүү таасир этүүчү заттар дарыгердин рецепти жок эле сатылып жатканын билдирди.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алды.
Демилгечи депутат Медер Алиев дарыканаларда күчтүү таасир этүүчү заттар дарыгердин рецепти жок эле сатылып жатканын билдирди. Мындан жашы жете элек балдар да пайдаланып, баңгизат катары колдонуп жатышканын айтты.

"Мурда жаштар темеки чегип, сыра, арак ичип жүрүшсө, азыркылар "дарыкана баңгилигине" өтүп кетишкен. Анын кесепетинен кыз зордуктоого чейин барган фактылар кездешет. Соңку учурда өспүрүмдөр арасында баӊги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды колдонуу күчөп баратат. Мындан тышкары, дарыканаларда, интернет тармагында бул багыттагы заттар эркин сатылууда", — деди Алиев.

Токтомдо жашы жете элек балдарга күчтүү психотроптук заттарды сатууну токтотуу, сатып бизнес кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана баңгизат саткан интернет-дүкөндөргө өз учурунда бөгөт коюу камтылган. Бул иштерди аткаруу ИИМ, Саламаттык сактоо, Санариптик өнүктүрүү жана Билим берүү министрликтерине тапшырылды.
Баткенде автоунаадан 3 000 куту наркотикалык дары табылып, айдоочусу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Баткенде автоунаадан 3 000 куту наркотикалык дары табылып, айдоочусу кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0