Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Орозматов: кыска мөөнөттүү бала бакчалар эки эсе көп баланы камтыйт

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуГлавный специалист по связям с общественностью проекта Всемирного банка "Образование для будущего" Акылбек Орозматов
Главный специалист по связям с общественностью проекта Всемирного банка Образование для будущего Акылбек Орозматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Дүйнөлүк банктын "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча башкы адиси Акылбек Орозматов өлкө боюнча 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачыларын маалымдады.
Бөбөктөргө билим берүү, аларды өнүктүрүүдө кыска мөөнөтүү бала бакчалардын кадимкилерден айырмасы жок. Бирок мектепке чейинки билим берүүгө эки эсе көп баланы камтууга шарт түзөт. Бул тууралуу Акылбек Орозматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Орозматов: кыска мөөнөттүү бала бакчалар эки эсе көп баланы камтыйт
Анын айтымында, аталган долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
"Изилдөөлөр боюнча, баланы 3-5 жаш аралыгында өнүктүрүү, ага билим берүү маанилүү экени айтылган. Тилекке каршы, өлкөдөгү мектепке чейинки курактагы балдардын 75 пайызга чукулу бала бакчага барбайт. Ал эми көпчүлүк айылдарда мектептер толбой, айрым имараттар пайдаланылбай турат. Мына ошолор оңдоп-түзөлүп, ал жакта кыска мөөнөттүү бала бакчалар уюштурулууда. Бул бала бакчалар мектепке чейинки билим берүүгө адаттагыдан эки эсе көп баланы камтууга мүмкүндүк берет. Долбоор боюнча жергиликтүү бийлик бала бакча үчүн абалы жакшы имараттарды берет. Аны оңдоп-түздөп, нөөмөт менен балдар кабыл алынат. Эреже боюнча бир бөлмөдө бир тайпа (25 балага чейин) окутулса, кыска мөөнөттүү бала бакчада эки нөөмөт менен 50 балага чейин барат. Адатта салттуу бала бакчаларда 3-4 саат билим берүүгө, өнүктүрүүгө бөлүнөт. Калган убакыт ойноого, уктоого, тамактанууга жумшалат. Ал эми кыска мөөнөттүү бала бакчаларда бөбөктөргө "Балалык" программасы боюнча билим, тарбия берилет. Мында уктатуу жана тамак берүү каралган эмес. Бул ыкма экономикалык жактан алганда дагы үнөмдүү. Маселен, ошол эле керебет алуу, тамак-аш уюштуруу зарылдыгын жокко чыгарат. Мындан тышкары, бул бала бакчаларга кабыл алууда социалдык аялуу үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет", — деди Орозматов.
Ошондой эле ал кыска мөөнөттүү бала бакчаларда ата-энелер же жергиликтүү бийлик тамак-аш уюштуруп, ал тургай шартка жараша мөөнөтүн узартып алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0