Бажы кызматы: 1000ден ашык унаа мыйзамсыз катталган, 14 миңдейи текшерилүүдө

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАвтоунааларды импорттоо. Архив
Автоунааларды импорттоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Бул автоунаалар өлкөгө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жасалма номерлери жана каттоо күбөлүктөрү менен киргизилген.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы 1000ден ашык унааны мыйзамсыз легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы УКМКнын 6-башкы башкармалыгы менен бирге импорттолгон 15 448 автомашинаны "Унаа" мамлекеттик мекемесинде мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча болжолдуу фактыларды аныкташкан. Бул автоунаалар өлкөгө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жасалма номерлери жана каттоо күбөлүктөрү менен киргизилген.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө 15 448дин ичинен 1 000ден ашык автоунаага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каттоо органдарынан бажы операциялары жана аларды алгачкы каттоо боюнча документ алынбаганы тастыкталган. Калган унаалар боюнча текшерүү иштери уланууда", — деп жазылат маалыматта.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды. Бул фактынын негизинде Мамлекеттик тергөө комитети тарабынан кылмыш иши козголду.
Чет жактан алынган машиналарды мыйзамсыз катташкан. Унаанын 4 адиси кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Чет жактан алынган машиналарды мыйзамсыз катташкан. "Унаанын" 4 адиси кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0