Камчы Көлбаевдин кан кудасы 2 млн. доллар төлөп абактан чыкты

© Sputnik / Алексей Вовк / Медиабанкка өтүүШектүүнүн колунан кишенди чечип алуу. Архив
Шектүүнүн колунан кишенди чечип алуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Сотко анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Камчы Көлбаевдин кан кудасы Рустам Турдиев камактан чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, сотко анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.
"Биринчи май райондук соту Турдиевдин баш коргоо чарасын сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүп, камактан чыгаруу чечимин кабыл алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мамлекетке 2 миллион доллар төлөп берген", — дешти ишенимдүү адамдар.
Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн тастыктады. Эске салсак, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кан кудасы Рустам Турдиев 2023-жылдын октябрь айында камалган. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө же ага катышууга айыпталган.
Караколдо Көлбаевдин тобу тартып алган 10 млн. сомдук жер мамлекетке өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Караколдо Көлбаевдин тобу тартып алган 10 млн. сомдук жер мамлекетке өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0