Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эми бейтапка генетикалык байланышы бар тууганы органын бере алат

© Sputnik / Наталия Князева Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева саламаттык сактоо жаатындагы бир катар мыйзамдар бириктирилгенин айтты.
Мыйзамдын максаты коомдук саламаттык сактоо системасын модернизациялоо аркылуу адамдын ден соолугун сактоону камсыздоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эми бейтапка генетикалык байланышы бар тууганы органын бере алат
Анын айтымында, буга чейинки документтерде кайталанган, айрым учурларда бири-бирине каршы келген беренелер көп болгон.
"Буга чейин "КРдин Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамында (кант диабети жана органдарды трансплантациялоо боюнча мыйзамдарда) каржылоо механизмдери так каралган эмес. Ошол себептен көп убакыт бою трансплантацияга керектүү лабораториялык жабдууларды сатып алууга мүмкүн болгон эмес. Жаңы мыйзам үчүн биз жакында 100дөн ашык мыйзам алдындагы актыларды жазып чыгабыз. Анда аларды ишке ашыруунун бардык механизмдери кеңири баяндалат. Бул — бир нече тармактын адистери жана юристтер менен биргеликте жүргүзүлө турган чоң иш. Жаӊы документте эӊ маанилүүсү трансплантациялоо боюнча мыйзамдын бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Эгерде мурда бейтапка биринчи даражадагы тууганы гана (ата-энеси, балдары жана бир туугандары) органын бере алса, жаңы мыйзамга ылайык, генетикалык байланышы бар чоң ата, таята жана чоң эне, таенесинен тараган туугандарынын донор болуусуна (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо) уруксат берилет", — деди Ибраева.
Ал мыйзамга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик эле эмес, жеке менчик медициналык борборлор да органдарды трансплантациялоо укугуна ээ болорун кошумчалады.
Мыйзамга "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" (дарылоо бөлүгүндө), "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө", "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө", "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жөнүндө", "Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө", "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдар интеграцияланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0