Мишустин Кыргызстан менен Россиянын бирдиктүү долбоорлору тууралуу айтып берди

© Photo / Пресс-служба правительства КРРФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин
РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Россия менен Кыргызстан өнөр жай, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу боюнча бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырып жатат. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Алматыда жолукканда айтты.
Ал Россия Кыргызстан менен достукту, өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн мамилелери ар дайым урмат-сыйдын, ынак коңшулуктун жана эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуунун негизинде өнүгүп келе жатканын кошумчалады.

"2023-жылдын январь-ноябрь айларында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 285 млрд. рублге жетти. Мамлекеттер аралык эсеп жүргүзүүдө улуттук валюталардын үлүшү 88 пайыздан ашты. Бул нерсе РФ менен КРдин жамааттык Батыштын мыйзамсыз санкцияларынан коргонуусунда чоң мааниге ээ", — деди Мишустин.

Ал ошондой эле Россия Кыргызстандын ири инвестициялык өнөктөшү экенин айтып, республиканын бир катар тармактарында Россиянын колдоосу менен жумушчу орундар түзүлүп жатканын кошумчалады.
Мишустин Россия-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясы эффективдүү иштеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кызматташуунун мейкиндиги энергетика, транспорт инфраструктурасы, санарип экономика менен байланыштуу жаңы долбоорлордун эсебинен кеңеймекчи.
Министрлер кабинетинин төрагасы РФ делегациясын кабыл алууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Россиядан келген делегация Акылбек Жапаров менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0