Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

ӨКМ башчысы ТЭЦтеги жарылуу эмнеден чыкканын божомолдоду. Видео

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРӨКМ башчысы Бообек Ажикеев
ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев ТЭЦтеги авария боюнча президент Садыр Жапаровго маалымат берип, алдын ала изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, жарылуу болгонун билдирген.

"Жарылуунун себеби такталып жатат. Буга чейин авария болжол менен 14үнчү буу казандан чыкты деп жатканбыз. Алдын ала изилдөөлөр боюнча, ал жерде газбы же көмүр чаңыбы, топтолуп, шахта бар экен, ошол жерде жарылуу болуптур. Буу казандардын баары таза сакталыптыр. Аларда жарака байкалган эмес", — деген Ажикеев.

Буга чейин авария жылуулук борборунун 14үнчү буу казанында болгон деп божомолдонуп жаткан.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барды.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
БИшкек ТЭЦиндеги авария - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Садыр Жапаров: ТЭЦтеги абал оор эле, бирок абалдан чыгабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0