Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ӨКМ сел кооптуулугун алдын алуу үчүн толук кандуу иштөөдө

© Sputnik / Асылбек БактыбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов күндүн жылышы менен өлкөнүн түштүгүндө көбүрөөк сел кооптуулугу жараларын айтты.
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда атайын иш планы бекитилип, райондук, облустук жана республикалык деңгээлде комиссия түзүлүп, сел кооптуулугун жараткан жерлер аныкталат. Планга ылайык, быйыл 194 объект бекитилип, ӨКМ кызматкерлери тиешелүү иштерди жасап жатканын Асан Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ӨКМ сел кооптуулугун алдын алуу үчүн толук кандуу иштөөдө
Анын айтымында, ӨКМ сел кооптуулугун алдын алуу иштерин толук кандуу жүргүзүп, коркунуч жараткан аймактардагы жергиликтүү калкка маалыматтык кампания уюштурулду.
"Күндүн жылышы менен республика аймагында сел кооптуулугу жаралат. Өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагында аба ырайы эрте жазда тез жылыгандыктан селди алдын алуу иштери башталат. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда министрликтин атайын иш мерчеми бекитилип, райондук, облустук жана республикалык деңгээлде комиссия түзүлүп, сел кооптуулугун жараткан жерлер аныкталат. Планга ылайык, быйыл 194 объект бекитилип, ӨКМ кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө белгиленген бардык объектилерде тиешелүү иштер жасалды. Ага байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар жерге жакын аймактагы жергиликтүү калкка үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө", — деди Сулайманов.
Ошондой эле адис ӨКМ өзгөчө кырдаалды алдын алуу, болтурбоо жана куткаруу иштери боюнча адистерди окутууга көңүл буруп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0