Немецтердин 90 миңден ашык аскери туткундалган. Сталинград салгылашы тууралуу

Жазылуу
2024-жылдын 2-февралында Сталинграддын алдында немецтик баскынчылардын талкалангандыгына 81 жыл болду.
Айыгышкан салгылаш 200 күнгө созулган. Эки тараптан бул кандуу булоонго 2,1 миллион адам катышкан. Акырында Советтер Союзунун (СССР) ар улуттан турган жоокерлери жеңген.
90 миңден ашык немец аскерлери туткунга алынган. Тарыхый маалыматтарда алардын баары суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган.
СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0