Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

ТЭЦте жылуулук берүү системасынын температурасын жогорулатчу басым көтөрүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦинин түтүктөрү. Архив
Бишкек ТЭЦинин түтүктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-4 сааттын ичинде система нормага келтирилерин белгиледи.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. ТЭЦте жылуулук берүү системасынын температурасын жогорулатуу үчүн басым көтөрүлүүдө. Бул тууралуу ТЭЦтин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал эми энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-4 сааттын ичинде система нормага келтирилерин кошумчалады.
"Кечке чейин дагы төрт от казан ишке кирип, системанын нормалдуу иштешин камсыздайт", — деген Керимов.
Буга чейин ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев борбор калаада жылуулукту режимге келтирүүгө 5-7 күн керектелерин айткан.
Белгилей кетсек, ТЭЦте жарылуу 2-февралга караган түнү болуп, шаардын айрым жерлерине жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦинин дрондон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтин аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0