Кыргыз балетинин чолпон жылдызы эле. Чолпонбек Базарбаевдин сейрек сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Кыргыз балетиндеги жаркыраган таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айлында төрөлүп, Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеде окуган. Кийин Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайда кесипкөйлүгүн жогорулатып, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген. Балет бийчиси сахнада алгач массалык бийлерге катышып жүрүп, кийин жалаң башкы ролдорду аткарган. Күжүрмөн талант 25 жылда 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеп, 33 жашында СССРдин эл артисти болгон. Кыргыз ССРинин эл артисти өлкө эгемендүүлүк алган соң Кыргызстандагы театр ишмерлеринин союзунда төрага, Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын директору, көркөм жетекчи кызматын аркалап, үч жыл Маданият министрлигин жетектеген. Таланттуу инсан 2002-жылы жол кырсыгынан көз жумган.
© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Чолпонбек Базарбаев элеттен 10 жашында келип, Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеде окуй баштаган

Чолпонбек Базарбаев элеттен 10 жашында келип, Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеде окуй баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/15

Чолпонбек Базарбаев элеттен 10 жашында келип, Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеде окуй баштаган

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Жаш талант 19 жашында атасынан ажырап, апасынын таянар тоосу болуп бир туугандарын чоңойтууга көмөктөшкөн

Жаш талант 19 жашында атасынан ажырап, апасынын таянар тоосу болуп бир туугандарын чоңойтууга көмөктөшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/15

Жаш талант 19 жашында атасынан ажырап, апасынын таянар тоосу болуп бир туугандарын чоңойтууга көмөктөшкөн

© Фото / из личного архива Чолпонбека Базарбаева

Базарбаев бир жылдай Москвада билим алып келген соң Опера жана балет театрынын солисти болгон

Базарбаев бир жылдай Москвада билим алып келген соң Опера жана балет театрынын солисти болгон - Sputnik Кыргызстан
3/15

Базарбаев бир жылдай Москвада билим алып келген соң Опера жана балет театрынын солисти болгон

© Sputnik / Александр Федоров

Спектаклдин алдында таланттуу бийчини кийиндирген костюмер

Спектаклдин алдында таланттуу бийчини кийиндирген костюмер - Sputnik Кыргызстан
4/15

Спектаклдин алдында таланттуу бийчини кийиндирген костюмер

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын сахнасында коюлган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева, экинчи катарда таланттуу бийчилер (экинчи турган Чолпонбек Базарбаев).

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын сахнасында коюлган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева, экинчи катарда таланттуу бийчилер (экинчи турган Чолпонбек Базарбаев). - Sputnik Кыргызстан
5/15

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын сахнасында коюлган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева, экинчи катарда таланттуу бийчилер (экинчи турган Чолпонбек Базарбаев).

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз балетинин өчпөс жылдыздары Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев

Кыргыз балетинин өчпөс жылдыздары Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
6/15

Кыргыз балетинин өчпөс жылдыздары Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылыгында ондогон дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген

Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылыгында ондогон дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген - Sputnik Кыргызстан
7/15

Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылыгында ондогон дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Таланттуу инсан күжүрмөн эмгеги, талыкпас аракетинин аркасында 33 жашында СССРдин эл артисти наамын алган

Таланттуу инсан күжүрмөн эмгеги, талыкпас аракетинин аркасында 33 жашында СССРдин эл артисти наамын алган - Sputnik Кыргызстан
8/15

Таланттуу инсан күжүрмөн эмгеги, талыкпас аракетинин аркасында 33 жашында СССРдин эл артисти наамын алган

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Жаш жубайлар: балетмейстер келинчеги Надежда Базарбаева 20 жашта экенде үйлөнүп, бирге түтүн булатышкан

Жаш жубайлар: балетмейстер келинчеги Надежда Базарбаева 20 жашта экенде үйлөнүп, бирге түтүн булатышкан - Sputnik Кыргызстан
9/15

Жаш жубайлар: балетмейстер келинчеги Надежда Базарбаева 20 жашта экенде үйлөнүп, бирге түтүн булатышкан

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Советтик белгилүү актер Савелий Крамаров менен Чолпонбек Базарбаев

Советтик белгилүү актер Савелий Крамаров менен Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан
10/15

Советтик белгилүү актер Савелий Крамаров менен Чолпонбек Базарбаев

© Sputnik / Александр Федоров

Базарбаев өзү эмгектенген Опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган

Базарбаев өзү эмгектенген Опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган - Sputnik Кыргызстан
11/15

Базарбаев өзү эмгектенген Опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган

© Sputnik / Александр Федоров

Маданият министри Чолпонбек Базарбаев белгилүү казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен

Маданият министри Чолпонбек Базарбаев белгилүү казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен - Sputnik Кыргызстан
12/15

Маданият министри Чолпонбек Базарбаев белгилүү казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен

© Sputnik / Александр Федоров

Италияга командировкага министрди коштоп барган кинооператорлор Карель Абдыкулов менен Тынай Ибрагимов

Италияга командировкага министрди коштоп барган кинооператорлор Карель Абдыкулов менен Тынай Ибрагимов - Sputnik Кыргызстан
13/15

Италияга командировкага министрди коштоп барган кинооператорлор Карель Абдыкулов менен Тынай Ибрагимов

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Жубайлар 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө уулдары Нурлан жана Таалай.

Жубайлар 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө уулдары Нурлан жана Таалай. - Sputnik Кыргызстан
14/15

Жубайлар 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө уулдары Нурлан жана Таалай.

© Фото / из семейного архива Базарбаевых

Атактуу балетмейстер 53 жашында көз жумган. Быйыл анын 75 жылдыгы белгиленүүдө.

Атактуу балетмейстер 53 жашында көз жумган. Быйыл анын 75 жылдыгы белгиленүүдө. - Sputnik Кыргызстан
15/15

Атактуу балетмейстер 53 жашында көз жумган. Быйыл анын 75 жылдыгы белгиленүүдө.

Тема боюнча:
Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерет... Жумабек Ибраимовдун сүрөттө калган ирмемдери
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0