Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Манасчы "жандырар" деген сөздү чечмелеп берди

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков
Манас театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков улуу эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Манас эпосунда кездешкен "жандырар" сөзү "генерал" дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Манасчы "жандырар" деген сөздү чечмелеп берди
Анын айтымында, бул сөз учурда колдонуудан дээрлик чыгып калгандыктан илимий тексттерде гана кездешиши ыктымал.
"Манас эпосунда "жандырар" деген көөнө сөз кездешет. Аны көпчүлүк түшүнө бербеши ыктымал, бирок Манастан маалыматты барлар жакшы билет. Эпосто "жандырарлык күчү бар" деп аскердик жогорку наамга тиешелүү кеп кездешет. Учурдагыга салыштырсак, ал генералдык аскердик чинге тете болуп калат. Кыргыздар душмандарынын, өздөрүнүн аскерлерин сүрөттөгөндө он, жүз, миң, түмөн кишиге бир башчы койгону "Манаста" көп айтылат. Ошолордун арасында дал ушул "жандырар" сөзү дагы көп кездешет", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал учурда "Манас" эпосун жайылтуу кеңири колго алынып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0