Күн жылыйбы? Кийинки жумада өлкөдө аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия сильного снегопада в Бишкеке
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Абанын температурасы орточо 3-4 градуска көтөрүлмөкчү.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстанда алдыдагы аптада күтүлгөн аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымат таратты.
Аба ырайынын божомолу 4-февралдан 10-февралга чейин берилди. Ага ылайык, жуманын ортосунда көпчүлүк жерлерде жаан, кар жаайт, ал эми калган күндөрү күн ачык болот. Абанын температурасы орточо 3-4 градуска көтөрүлмөкчү.
Бишкекте 4-7-февралда жаан-чачын болбойт. Ал эми 8-февралда жаан жаай турганы болжолдонду. 9-10-февралда күн ачык болот.

Чүй

Аймакта 4-6-февралда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 7-февралда күндүз, 8-февралда жана 9-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ал эми 9-февралда күндүз жана 10-февралда жаан-чачын дээрлик жаабайт.

Талас

Облуста 4-6-февралда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. 7-февралда күндүз жана 8-февралда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүндүгү айтылды. 9-10-февралда күн ачык болот.

Ош

4-февралда жана 7-8-февраль күндөрү түнкүсүн тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 9-10-февралда күн ачык болору болжолдонду.

Жалал-Абад, Баткен

4-5-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле 7-8-9-февраль күндөрү түндө тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 9-февралда күндүз жана 10-февралда дээрлик жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көлдө

Региондо 4-февралда күндүз жана 5-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 5-февралда күндүз, 6-7-февралда жана 8-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 8-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. 9-10-февралда күн ачылат.

Нарында

Аймакта 4-февралда, 7-февралда күндүз жана 8-февралда айрым жерлерде кар жаайт. 9-10-февралда күн ачык болмокчу.
Панфилов атындагы парктын алдынан тп бара жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Февралда адаттагыдан жылуу болот. Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0