Кыргызстандын мыкты дзюдочулары бир жерге чогулат

© Sputnik / Александр КондратюкМелдештеги дзюдочулар. Архив
Мелдештеги дзюдочулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылмакчы.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Дзюдо боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Спорттук иш-чара 10-11-февраль күндөрү Кыргыз-түрк "Манас" университетинин спорт комплексинде болот.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылмакчы.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Кыздар арасында — 48, 52, 57 63, 70, 78, +78 кг;
Балдар арасында — 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг.
Кыргызстандын кёрлинг боюнча курама командасынын оюнчусу Бексултан Мырзабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Радио
Өлкөнүн кёрлинг боюнча эл аралык мелдештерде жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору
Жаңылыктар түрмөгү
0