Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо үчүн 584 млн. сом бөлүндү

© Фото / Влад УшаковСаймалуу-Таш. Архив
Саймалуу-Таш. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Министрликтен маалымдалгандай, каражат төрт жылга бөлүштүрүлүп, бул аралыкта "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы ишке ашырылат.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу үчүн мамлекеттен 584 миллион 74 миң сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "2023-2027-жылдарда "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу" токтом кабыл алынган.
"Программаны ишке ашыруу үчүн тарыхый-маданий мурас объектилерин эсепке алуу жана пайдалануу боюнча электрондук портал түзүлүп ишке берилет. Ошондой эле мындай жайларды оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлөт. Археологиялык эстеликтерди эл аралык стандарттарга ылайык консервациялап, археологиялык казуулар жана изилдөө иштери жүзөгө ашырылат. Алардын базасында жаңы музейлерди куруу да каралган", — деп айтылат маалыматта.
Билдирмеде жогоруда бөлүнгөн каражат төрт жылга бөлүштүрүлөрү, бул тарыхый-маданий мурастарды сактоо багытындагы акыркы 30 жыл ичиндеги биринчи мамлекеттик колдоо экендиги кошумчаланган.
Кыргыздын маданий мурастары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
ЮНЕСКОнун тизмесине кирген кыргыздын маданий мурастары
Жаңылыктар түрмөгү
0