Улуттук китеп өнөрүнүн төрүндө турган Мелис Абакиров жөнүндө 10 факт

Народный писатель КР Мелис Абакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Белгилүү прозаик, котормочу, басма тармагында көп жыл кызмат кылган Мелис Абакиров адамдын кемчилдигин бетке айткан, жеке иш-аракеттери менен да, көркөм чыгармалары менен да адабияттагы жана турмуштагы көз боёмочулук, жасалмалуулук, эскичилик менен күрөшкөн киши болгон.
Ал улуттук адабиятыбызда өз орду бар аңгемелерин, повесттерин, романдарын жазды, мыкты стилист, адабиятты терең талдоочу жана баалоочу аналитик, чыныгы интеллект эле. Адабий-көркөм жана агартуучулук багыттарда китептерди чыгарууну уюштурган редактор катары да элге эмгеги сиңди.
Бул жолу Sputnik Кыргызстан Мелис Абакиров тууралуу 10 фактыны сунуш кылат.
Бурананын кулуну. Сары-Өзөн Чүйдүн Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. Мектептен соң Фрунзе шаарына келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирген. Ошол жылдарда бул окуу жайы адабияттын кайнаган очогу болгон, ал гана эмес тилчилердин да мыктылары топтолгон. Алар: Константин Кузьмич Юдахин, Болот Юнусалиев, Кусейин Карасаев, Жээнбай Мукамбаев эле. Айылдан келген, жазуучу болобуз деген дымагы күчтүү жаш жигиттерге ушундай кыргыз тилинин билермандары сабак өткөн, дал ошолордун таалимин алган Мелис Абакиров бүт редакторлук жана жазуучулук ишмердүүлүгүнө мыкты стилист, текстолог катары коомчулукка таанымал болгон.
Партиялык газеталар аны саясый жактан да жетилдирип, турмушту да үйрөткөн. 1963-жылы университети бүтүргөн жаш кадрды мугалимдик ишке дайындашат. Ошто, Чүйдө мектептерде иштеди. Жазууга кызыккан мугалим 1965-жылы Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук "Эмгекчил" деген газетага ишке орношуп адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары деген жумуштарды аркалайт. 1971-жылдан Фрунзеге келип бир жылдай жаштардын "Ленинчил жаш" газетасында бөлүм башчы болуп иштейт. Андан кийин республиканын эң башкы басылмасы, компартиянын органы болгон "Советтик Кыргызстан" гезетасында адабий кызматкер, өз кабарчы, жооптуу катчынын орун басары болуп 1979-жылга чейин эмгектенет. Дал ошол жылдарда редакциядагы жана андан сырткары чөйрөдөгү жазуучулар жана журналисттер менен жакындашып, кыргыз тарыхынын, санжырасынын, эне тилинин байлыктарын казып издеп, сүрөткер катары калыптанат, өзүн жазуучулукка даярдайт.
Жаш жазуучуну адабияттын астанасын аттаткан жыйнагы. Студент кезинен эле аңгемелерди жазып жүргөнү менен өзүнө катуу талап менен караган Мелис Абакиров "Жаштык рапсодиясы" деген аңгемелер жыйнагын жашы кыркка чукулдаганда – 1978-жылы гана чыгарган. 43 гана беттен турган бул жыйнактагы аңгемелер каармандардын жандуу тартылган элестүүлүгү, тилинин таамайлыгы менен окурмандардын кызыгуусун жараткан.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРСтудент кезинен эле аңгемелерди жазып жүргөнү менен өзүнө катуу талап менен караган Мелис Абакиров "Жаштык рапсодиясы" деген аңгемелер жыйнагын жашы кыркка чукулдаганда – 1978-жылы гана чыгарган.
Народный писатель КР, кавалер ордена Манас 3-й степени Мелис Абакиров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Студент кезинен эле аңгемелерди жазып жүргөнү менен өзүнө катуу талап менен караган Мелис Абакиров "Жаштык рапсодиясы" деген аңгемелер жыйнагын жашы кыркка чукулдаганда – 1978-жылы гана чыгарган.
Кыргыз басма тармагынын "энциклопедиячысы". Ал 1979-1985-жылдарда Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985-1988-жылдарда окуу китептерин чыгарган "Мектеп" басмасынын бөлүм башчысы, 1988-жылдан тарта он жыл бою көркөм жана котормо адабияттарын чыгарган "Адабият" басмасынын башкы редактору жана директору болуп иштейт. 1998-жылдан 2005-жылга чейин басма иштерин алып барган "Акыл" акционердик коомунун төрага орун басары, ошол эле учурда "Кыргызстан" басма үйүнүн башкы редактору болгон. Андан кийин 2007-жылга дейре Улуттук жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген соң ушул уюмда коомдук башталышта кара сөз секциясынын ишин алып барган. Мелис Абакиров дээрлик чейрек кылым ичинде кайсыл китеп качан, кандайча чыкканын, редактору, корректору кимдер болгонун, нускасы канча экенин, чыккандан кийинки тагдыры кандай болгонун, кайсыл жери кандай ката менен чыгып кеткенин да беш колундай биле турган. Андыктан да көптөгөн адамдар аны басма иштеринин билерманы катары дайыма маалымат алуу үчүн кайрылып турган.
Айыл адамдарынын жаркын образдары. Жазуучунун 1982-жылы "Алмалуу бак" повести жана 1990-жылы "Алчалуу төр" деген повесттер жана аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. "Алмалуу бак" – XX кылымдын эки чоң трагедиясынын – сталиндик репрессиянын жана Улуу Ата Мекендик согуштун бир үй-бүлөгө тийгизген таасирин көрсөтүүгө арналган. Биринчи окуя мээнеткеч багбан, тоолуу колхозго алмалуу бак өстүргөн Өтөгөндүн ак жерден күйүшү, б.а., жалпы совет өлкөсүн каптаган саясий кыргынга дуушар болушу; экинчиси – анын жалгыз уулу Асылбектин согуштан кайтпай калышы. "Алчалуу төр" повести да кандайдыр бир мааниде жогорудагы чыгарманын темасын улантат. Жанжигит алчалуу төрдү кыйып табиятка кыргын салса, Касен өз жеринен, элинен айрылган казак жигити, чыгармада эки уулун согушка жиберип, үмүтүн үзбөй күткөн Серкебай карыянын образы да аянычтуу чыккан.
Жазуучу өзү эң мыкты чыгармаларым деп эсептеген эки романы. Мелис Абакиров 2000-жылы "Көкөй кести", 2008-жылы "Барымта" деген романдарын окурмандарга тартуулады. Бул эки чыгармасын өзү эң жакшы чыгармаларым деп айтканы бар. Романдардын материалдарын көп жылдар бою изилдеди. "Көкөй кести" – кыргыз-казак тарыхынын XVII-XVIII кылымдардагы эң оор учурларын чагылдырган роман. Чыгарма "тарыхый роман" деп аталбаса да эл тарыхынын белгилүү учурлары көркөм жалпылоого алынат, атүгүл Атаке бий, Абайылда баатыр, Аюке ж.б. тарыхта аты жана жасаган иштери дайын адамдардын бейнеси ачылат. Татаал доордогу адамдын алсыздыгы жана күчтүүлүгү берилет. "Барымта" романы – тарыхый окуялары көркөм жалпылаштырылган, кыргыз романистикасында өз орду бар чыгарма. Советтик доордо жазуучулар байларды, манаптарды кара боёкторду тартып терс каарман катары сүрөттөсө, жазуучу бул чыгармасында алардын образын оң-терси аралаш жүргөн адам катары ачып берет. Кырк жигит курап жүргөн Кылычбек менен кыргыздын сөөк өчтү душмандары болгон калмактардын Таанаке аттуу кызынын сүйүүсү, Султанбек жана анын ышкы отун тутандырып, тагдыр буйругу менен Дүрбөн болушка токол болуп кеткен Азаадахандын бейнеси, адамдар арасындагы жылуу мамилелер жана конфликттер чыгарманын көркөмдүк курамына бай тил, кызыктуу сүрөттөө менен көрк берип турат. Калмак доорунун соңку учуру, Кокон доору, Орус доорунун келер алды философиялык тарыхый жалпылоолорго ээ бул роман жазуучунун чыгармачылыгындагы бийиктик.
Кадры из фильма Золотая осень Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Кыргыз унутпай турган кымбат кызматы бар. Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбеков
Аңгемелери жана повесттери. Мелис Абакировдун ар кайсыл мезгилде жазылган "Алмамбет", "Чардактар толкунду сүйүшөт", "Таш коргон. Ак байбиче. Кара кемпир" деген сыяктуу аңгемелери чакан жанрга чоң турмушту батыра алгандыгы, каармандарынын образдарынын элестүүлүгү менен окурмандардын эсинде калат. Улам бийлик алмашкан сайын таламайга түшкөн эл мүлкү, адамдардын көр дүйнөгө тойбостугу тууралуу ой "Канталамай" трагифарс-повестинин башкы идеясы болсо, адам тагдырларынын ар түрдүүлүгү, жашоо философиясы "Жинди Сабыр" (2000), "Кумар", "О, опаасыз, опаасыз дүйнө" (2005) повесттеринин ички мазмунун, сюжеттик өзөгүн түзөт. Кадимки Төрөгелди баатырдын урпагы, мүнүшкөр, саятчы жана комузчу, жаш жигит Кудайбергендин бийлик жана байлык ээси Чыныбай менен ачык да, купия да кармашы, өнөр адамынын ички дүйнөсү жана бай көрөңгөсү "Эрөөл" (2013) повестинин башкы лейтмотивине айланган.
Жазуучуларды тарбиялоого жана аларды даңазалоого өзгөчө маани берген. Мелис Абакиров басма кызматкери, Улуттук жазуучулар союзунун катчысы, секция башчысы жана жөн эле адам катары көптөгөн жазуучулардын китебин чыгарууга көмөктөш болгон. Ал Мукай Элебаевдин "Узак жол" повестин өзгөчө баалап, жаштарды ошол чыгарманы окууга чакырып турчу. 2017-жылы чыккан Молдо Кылычтын "Казалдар" деген жыйнагынын түзүүчү-редактору болгон. Досу Мурза Гапаровдун "Тандалмалар", "Экөө ээн бакта", "Сулуулуктан – улуулукка" деген китептерин чыгаруунун башында турган. Эгемберди Эрматов, Маркабай Ааматов, Бактыгул Чотурова, Атантай Акбаров ж.б. таланттуу акындардын поэзиясынын күйөрманы болуп, аларды чыгармачылыкка шыктандырып келген.
Чыгармалары башка тилдерге которулган. Жазуучунун "Сказки моей бабушки" (1984), "Рапсодия молодости" (1998), "Верблюд и мышь" (1996), "Сказание о старом летоисчислении" (1996), "Азарт" (1998), "Детство в годы изгнания" (2007) аттуу китептери орус тилинде, "Энемиң эртекилери" деген жомоктору түркмөн тилинде (1985), кыргыз-болгар достугун көрсөткөн, жазуучу Алим Теппеевге арналган "Катагонда утган болалик" документалдык повести өзбек тилинде (2007) басылган.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРЖазуучу 2024-жылы 29-январда каза болуп, сөөгү 31-январда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Похороны народного писателя КР Мелиса Абакирова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазуучу 2024-жылы 29-январда каза болуп, сөөгү 31-январда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Котормочулугу. Мелис Абакиров орус классик жазуучусу Лев Толстойдун "Кумурска менен көгүчкөн" деген тамсилдер жыйнагын (1983), испан поэзиясынын таланттуу жылдызы, Нобель сыйлыгынын ээси Хуан Рамон Хименестин "Платеро жана мен" аттуу лирикалык прозасын (1985), орус жазуучусу Олег Шестинскийдин "Блокада новеллаларын" (1986), Венгриянын даңазалуу мамлекеттик ишмери жана жазуучусу Арпад Генцтин "Майдан" деп аталган новеллалар, эсселер, пьесалар топтомун (1997) кыргыз тилине которгон. Ал туш келген эле текстти которо бербей, өзүнө ой жүгүртүүсү жана стили жакын авторлорду тандаган. Жазуучу 2024-жылы 29-январда каза болуп, сөөгү 31-январда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Жазуучу иш убагында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Кыргыз адабий сынынын бийик чокусу эле. Кеңешбек Асаналиев тууралуу 17 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0