Ошто дарыгерлерди милиция кызматкери урганбы? Оорукана жетекчилигинин билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштум. Архивдик сүрөт
Муштум. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Акпышаров кирип келген киши төрт дарыгерге, эки бейтапка кол көтөргөнүн кабарлады.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Нурлан Акпышаров дарыгерлеринин сабалышы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, өзүн ИИМдин ички аскеринде иштеген адам катары тааныштырган киши бир тууган иниси менен кирип келип эле "сиз каякка?" деп сурган медиктерди уруп жибергенин айтты. Ак халатчандар милицияга арыз жазып, өздөрү соттук-медициналык экспертизадан өтүп жатат.
"Окуя болгон түнү эле милиция чакырганбыз. Төрт дарыгерге, эки бейтапка кол көтөргөн. Нөөмөттөгү фельдшерди көзгө катуу чапкан экен, көгөрүп, чел кабыктары жабыркаган. Дарыгерлер ага сөз айткан эмес. Бир бейтапты жерге жаткырып алып уруп жатканы видеодон көрүнүп турат. Анын агасы бизде дарыланып жүрөт. Өзү да ичип алып келген окшойт. Мастай көрүнгөн, соо адам андай кылбайт да. Эми азыр тергөөдө "медиктерди мен эмес, ушул урган" деп инисине түртүп жатыптыр. Ал ИИМде иштебейт да", — деди Акпышаров.
Жетекчи дарыгерлерди урган адам кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөсө да милиционер экенин ишенимдүү түрдө айтып жатат.
"Ал милицияда иштейт, биздин кызматкерлер деле тааныйт экен. Ошондуктан биз окуя тууралуу Аскер прокуратурасы менен УКМКга маалымат бергенбиз. Эртеси эле "ИИМдин бир кызматкери келип биздин дарыгерлерди уруп кетти" деп министрге маалымат жөнөткөнбүз", — деди оорукана директорунун орун басары.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаардык милициясы ак халатчандарга кол көтөргөн киши милицияда иштебей турганын билдирген.
Аял муштумдарын түйүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Бишкекте дарыгерге бейтаптын тууганы кол көтөргөн. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0