Президенттик борт менен Түркияга 4 кыргызстандык дарыланууга жөнөтүлдү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРПрезиденттик борт менен Түркияга 4 кыргызстандык дарыланууга жөнөтүлдү
Президенттик борт менен Түркияга 4 кыргызстандык дарыланууга жөнөтүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
turkiya-darylanuu-4-kyrgyzstandyk-zhonotuldu
БИШКЕК, 4-фев. – Sputnik. Президенттик борт менен Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине 4 кыргызстандык дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу медиа штаб билдирди.
Алардын экөө ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандар болсо, экөө – аскердик тик учак кулаганда жаракат алгандар.
Бейтаптарды үй-бүлө мүчөлөрү жана эки кыргызстандык дарыгер коштоп кетти.
Эске салсак, Бишкек ТЭЦтеги жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирген. Ал эми 17-январда кулаган тик учак кырсыгында 10 аскер жабыркап, бирөө каза тапкан.
Өзбекстан жөнөткөн газ баллондор Жалал-Абадга жетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги кырдаал: Өзбекстан жөнөткөн газ баллондор Жалал-Абадга жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0