Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Кечээ Түркияга жеткирилген 4 кыргызстандык Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды

© Фото / Telegram-канал кабинета министров "Медиаштаб"Бишкек ТЭЦиндеги жарылуу менен тик учактын кулашынан жаракат алган кыргызстандыктар Түркиянын Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды.
Бишкек ТЭЦиндеги жарылуу менен тик учактын кулашынан жаракат алган кыргызстандыктар Түркиянын Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2024
Жазылуу
Реаниматолог Келдибеков төрт бейтаптын абалы туруктуу экенин билдирген.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги жарылуу менен тик учактын кулашынан жаракат алган кыргызстандыктар Түркиянын Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Cаламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, аларды Түркияга кечээ президенттик борт менен алып кетишкен. Алардын экөө ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандар болсо, экөө аскердик тик учак кулаганда жаракат алгандар экени айтылган.
Бейтаптарды үй-бүлө мүчөлөрү жана кыргызстандык эки дарыгер коштоп кеткен. Аларды Кыргызстандын Антальядагы башкы консулу Рустам Кошонов менен Түркиянын башкы комбустиологу (күйгөндөрдү операция жасаган хирург), профессор Корай Даш тосуп алган. Жаракат алгандар дароо кошумча диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, андан аркы дарылоо уланган.
"Бейтаптарды коштоп жүргөн реаниматолог Жеңишбек Келдибеков төрт бейтап тең учуу маалында кыйналбаганын, абалы туруктуу экенин белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
2-февралда Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан беш киши жаракат алган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.
Бишкек ТЭЦинин дрондон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦти калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0