Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Россия Кыргызстанда КМШнын клубдар аралык чемпионатын өткөрүүнү сунуштады

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов кёрлинг боюнча курама команданын мүчөлөрү окуу-машыгууларын Россияда өткөрөрүн айтты.
Россия тарап Кыргызстанда КМШ өлкөлөрү ортосунда клубдар аралык чемпионат өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Тынчтыкбек Саматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Россия Кыргызстанда КМШнын клубдар аралык чемпионатын өткөрүүнү сунуштады
Анын айтымында, Кыргызстандагы кёрлингдин түптөлүшүнө, калыптанышына Россиянын Керлинг федерациясынын жардамы чоң болду.

"2016-жылы Кыргыз Республикасынын Кёрлинг федерациясы ачылганда Россиянын Керлинг федерациясы жана анын президенти Дмитрий Свищёв көп жардам берди. Эл аралык аренага чыгууда бир топ укуктук маселерге көмөктөштү. Олимпиадалык комитетке кошулууда, дүйнөлүк мелдештерге катышууда кол сунуп, окуу-машыгууларды өткөрүүгө колдоо көрсөттү. Өткөн жылы Россиянын Красноярск шаарында эл аралык кёрлинг фестивалы өтүп, биздин спортчулар күчтүү адистер менен машыгып, жакшы тажрыйба топтоп келишти. Бул жолу Россия тарап Кыргызстанда КМШ өлкөлөрү ортосунда клубдар аралык чемпионатын өткөрүүнү сунуштап жатат. Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Кыргызстандын клубдары ортосунда турнирдин болушу аймактагы спорттун өнүгүшүн шарттап, достукту бекемдейт", — деди Саматов.

Адис Кыргызстандын кёрлинг командасы быйыл эл аралык мелдештерге даярданып, окуу-машыгууларын улантып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0