Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Орозбаев: ун менен нандын баасы жыл соңуна чейин туруктуу кармалат

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуМонополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев ун өндүрүү тармагына берилген жеңилдиктер аталган тармакты өнүктүрүүгө шарт түзгөнүн белгиледи.
Буудай импортуна КНС алып салынып, ундун баасы кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу Жээналы Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Орозбаев: ун менен нандын баасы жыл соңуна чейин туруктуу кармалат
Анын айтымында, бул азыктар жыл соңуна чейин ашып кетсе үч сомдун тегерегинде кымбатташы мүмкүн.
"Өлкөдө ар кандай себеп менен 28 тегирмендин сегизи эле калган. Ошондон улам сырттан буудай импортуна кошумча нарк салыгы алып салынган. Үч жылдан бери буудайдын импортуна КНС төлөнбөйт. Натыйжада унду кайра иштетүүчү ишканалардын саны 33кө өстү. Бул бааны турукташтырып туруу боюнча макулдашуу түзүүгө жол ачууда. Маселен, үч жыл мурда 1-сорттогу ундун бир килограммы (социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет) 46 сомдон болсо, учурда 30-33 сом болууда. Бул ундун наркы 16 сомго чейин түштү дегенди түшүндүрөт. Ошол унга жана нанга бааны туруктуу сактоо жана ундун корун камсыз кылуу боюнча макулдашуу 2024-жылдын соңуна чейин дагы бир жылга узартылды. Бул жерден министрлер кабинетинин буудай импортуна КНСти албай турганы ундун жана нандын арзандашына алып келди. Демек, жылдын этегине чейин буудай, ун, нанга болгон баа туруктуу сакталат. Ашып кетсе үч сомдун тегерегинде кымбатташы мүмкүн. Бул аргасыздан колдонулуп жаткан механизм болуп саналат. Анткени базар экономикасында рынок эркин болушу шарт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө буудай менен өзүн 60 пайызга чейин камсыздай алат. Жылына бир миллион 200 миң тонна буудай керектелсе, анын 40 пайызы сырттан импорттолот. Сырттан алып келинген буудайдын баары Россиядан ташылат. Ошол жактагы бааны, инфляцияны, логистиканы эске алып ушундай макулдашууга келдик", — деди Орозбаев.
Ал буудайдын экпортуна утурумдук чектөө киргизилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0