Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Залужный кызматтан алынарын Зеленский тастыктады

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press OfficeУкраинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
АКШ Украина президентинен ишенимди актабаган аткаминерлерди кызматтан алууну сунуштаган. Эгерде андай болбосо Вашингтон Зеленскийдин тегерек-четиндегилердин коррупциялык досьесин жарыялоону айтканын Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдирди.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужныйды алмаштырууну ойлонуп жатканын тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бул Украинаны жетектей турган адамдарга тиешелүү маселе. Албетте, кайрадан жаңылануу керек", — деген ал Rai1 телеканалына маек куруп жатканда Залужный менен болгон пикир келишпестик боюнча берилген суроого.
Ал бир эле эмес, бир нече кызмат адамдары туурасында айткан.
"Бул жөнүндө кеп салганда аскердик тармакта эле эмес, мамлекеттеги жетекчилик кызматтагы бир нече кишини алмаштырууну айтып жатам. Алмаштыруу (Залужный) боюнча оюм бар, ал чын", — деген Зеленский.
Tg1 программасында аталган маселе мамлекеттик машинаны жүргүзүп жаткан башкаруучу бардык топторго тиешелүү экенин билдирген.
Буга чейин Financial Times кырдаалдан кабары бар маалымат булактарына таянып, 29-январда Зеленскийдин Залужный менен жолугуп отставкадан кийин украин бийлигиндеги кеңешчилик кызматты сунуштаганын жазган.
Economist журналы Залужныйга Украинанын Коргонуу жана коопсуздук боюнча улуттук кеңешинин катчылык орду даярдалып, бирок генерал андан баш тартканын да билдирген. Басылма Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Будановго Украинанын Куралдуу күчтөрүн башкаруу сунушталып, бирок ал "соңку сааттарда баш тартканын" да жазган. Журнал Будановдун кесиптешине жакын жүргөн маалымат булагына таянып анын сунушталган кызматка туруу ниети жоктугун, бирок "мындай чечимди кабыл алуу Будановдон көз каранды эместигин" белгилеген.
Залужныйдын ордуна сунушталган талапкерлердин бири Украинанын Кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский экенин Economist менен Financial Times да жазган.
CNN да өзүнүн маалымат булактарына таянып Залужныйды кызматынан алуу боюнча жарлык бул жуманын соңунда чыгары күтүлүп жатканын билдирди.
Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ Украина президентинен ишенимди актабаган аткаминерлерди мамлекеттик кызматтан алууну сунуштаганын, эгерде андай болбосо Вашингтон Зеленскийдин тегерек-четиндегилердин коррупциялык досьесин жарыялоону айтканын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына таянсак, Америка тарап премьер-министрлик кызматка Украинанын Вашингтондогу элчиси Оксана Макарованы айтып жатат. Ал АКШнын Блумингтон шаарындагы Индиана университетинде окуган. Чалгын кызматы АКШ негизинен Украинада колониялык администрацияны түптөөгө өткөнүн кошумчалоодо.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина күчтөрүнүн башчысы Залужныйдын отставкасы тууралуу айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0