Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Бүгүн бардык бишкектиктер жылуулук жана ысык суу менен камсыз болот

© SputnikЭркек колун жууп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Эркек колун жууп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин бардык тургундары жылуулук жана ысык суу менен камсыз болот. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын директору Уран Раимбеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
"Ысык сууну туташтыруу — бул технологиялык процесс, ал убакытты талап кылат. Жылуулук бардык үйлөргө кошулган. Кечке чейин ысык суу беребиз. Суу бир учурда бардык үйгө келбей калышы мүмкүн. Бул жылытуу мезгилинин башталышындай эле, андыктан ысык сууну жөнгө салуу иштери болжол менен 10 күнгө созулат", — деген ал.
Эске салсак, 2024-жылдын 2-февралында Бишкек ТЭЦинде жарылуу болуп, анын кесепетинен калаадагы 60 миңге чукул батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.
Колл-борборунда иштеген кызматкер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Жылуулук боюнча суроолорго Call-борбор күнү-түнү жооп берүүдө. Номерлер
Жаңылыктар түрмөгү
0