Экономика министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана компания ээси кармалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБишкектеги Экономика министрлигинин имараты. Архив
Бишкектеги Экономика министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Экономика жана каржы министрлигинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, министрликтин мурдагы эки кызматкери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание бывших чиновников по факту злоупотребления должностным положением
Задержание бывших чиновников по факту злоупотребления должностным положением - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
"Атайын администрациялоо жол-жобосун аткаруу учурунда С.Т.Ж. аттуу кызматкер К.Н.К. деп аталган компаниянын негиздөөчүсү менен сүйлөшүп, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен эсептешүү келишимин түзүүнү демилгелеген. Фонддун уруксаты жер участогун турак жай курууга колдонууга жол ачкан. Менчик компаниянын Финансы-кредиттик фондго болгон карызы 11 миллион 475 миң 590 долларды түзөт. Ошол эле учурда С.Т.Ж. жеке компаниянын башкы директору болуп дайындалган", — деп жазылат маалыматта.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында компаниянын иш жүзүндөгү негиздөөчүсү жана ээси К.Н.К. экени аныкталган. Ал салынып жаткан турак жайларды сатуудан 200 миллион сомдон ашык акча алган. Бирок Финансы-кредиттик фондго болгон карыз коронавируска шылтоолонуп төлөнбөй калганы кошумчаланды.
2024-жылдын 5-февралында ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул фактыга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бишкек эркин экономикалык аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
"Бишкек" ЭЭАда 13,8 млн. сомдук мүлк сатылып кеткени аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0