Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

© Фото / Служба центральных коммуникаций РККазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов. Архив
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
Бектенов 43 жашта, өкмөт башчылыкка талапкерлигин Токаев түзгөн "Аманат" партиясы сунуштаган.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Билдирмеге караганда, Бектенов буга чейин президенттин администрациясын жетектечү. Ага чейин Антикоррупция кызматын башкарган.
Жаңы премьер өлкө экономикасына жаңы импульс бере турганын, өкмөттүн чыгымдарын азайтып, үнөмдөлгөн каражатты инфраструктураны жакшырууга жумшаарын билдирген. Мажлис депутаты президент жаңы өкмөттөн ыкчам, демилгелүү жана креативдүү болушун талап кыларын айтты. Ал мурунку курамга ушул нерсе жетпей калган деп эсептейт.
Бектенов 43 жашта, өкмөт башчылыкка талапкерлигин Токаев түзгөн "Аманат" партиясы сунуштаган.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Казакстанда аткаминерди жыйын учурунда кармап кетишти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0