Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тиленова: айрым мамлекеттик кызматтарды аутсорсингге берүү каралууда

© Sputnik / Асель СыдыковаСанариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова паспорт берүүнү жакшыртууга багытталган сунуш тууралуу айтып берди.
Айрым мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүүнүн жолдору каралууда. Бул тууралуу Анара Тиленова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Тиленова: айрым мамлекеттик кызматтарды аутсорсингге берүү каралууда
Анын айтымында, бул демилге калкты тейлөөнү оптималдаштыруу максатында көтөрүлүүдө.
"Учурда паспортту алмаштыруу жана башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жеке жана юридикалык тараптарга өткөрүп берүү каралууда. Ага ылайык, жогоруда кеп болгон кызматтарды нотариус, банктар жана башка мекемелер аркылуу тариздөө каралууда. Башкача айтканда, бул кызматтар аутсорсингге берилсе, ал компания, мекеме, уюмдар документтерди гана кабыл алат. Ал эми ал документтерди берүү, көзөмөлдөө мүмкүндүгү Санариптик өнүктүрүү министрлигинде эле калат. Анткени мыйзам боюнча, документтердин туура кабыл алынганын, андан аркы процедураларын мамлекеттик орган жүргүзүшү керек. 2019-жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ушундай ыйгарым укуктар берилип, айыл өкмөттөр жети мамлекеттик кызматты көрсөтүп жатат. Бул демилгенин максаты — мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу. Маселен, айрым айылдар калкты тейлөө борборлорунан алыс жайгашкан. Ошол эле учурда ал жакта банктын кеңсеси же нотариус болушу ыктымал. Ошолор аркылуу алыс барбай тийиштүү мамлекеттик кызматты алууга болот. Бул калктын убактысын, каражатын үнөмдөйт", — деди Тиленова.
Ошондой эле ал аталган сунуш учурда мамлекеттик органдар тарабынан каралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0