Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Сенаттагы демократтар лидери Украинанын жок болуу коркунучун айтты

© AP Photo / Mariam ZuhaibАКШ Сенатындагы демократтардын лидери Чак Шумер
АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Чак Шумер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
АКШнын Сенаты дүйшөмбү күнү чек араны кайтарууга акча бөлүү, Украинага, Израилге жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Эгерде Конгресстеги республикачылар АКШ Сенатынын улуттук коопсуздук максатындагы жана Киевге жардам берүү боюнча мыйзам долбоорун колдобой, Ак үйгө Дональд Трамптын президент болуп келишин күтүп отура берсе Украина жок болуп кетет. Бул туурасында Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумердин айтканын РИА Новости жазды.
"Спикер Жонсон баш болгон (Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы — ред.) республикачылардын арбыны "мен президент болгуча күтө туралы, ага бир жылга жетпеген убакыт керек" деген Трамптан жаны чыгып коркушат. Украина жок болуп кетиши мүмкүн", — деген ал MSNBC телеканалынын эфиринде комментарий берип жатканда Республикалык партиянын мыйзам долбоорун сынга алып.
АКШнын Сенаты дүйшөмбү күнү чек араны кайтарууга акча бөлүү, Украинага, Израилге жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан. Документте жалпы 118,28 миллиард доллар тууралуу айтылган. Анын 60,06 миллиарды Киевди колдоого каралмак. Чек араны кайтарып, бекемдөөгө үч эсе аз, тагыраагы, 20,2 миллиард доллар бөлүүнү сунушташкан. Президент Жозеф Байден мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, аны мүмкүн болушунча эртерээк кабыл алууга чакырган.
Шумердин пикиринде, Трамптын келишин күтүп отура бергенде чек арада кырдаал алда канча начарлайт.
"Дональд Трамп башаламандыкты каалай турганын билдирди", — деп демократ-сенатор АКШ "тагдырды өзгөртчү тарыхый бурулуштун" босогосунда турганын белгилеген.
Сунушталган мыйзам долбоору республикачыл саясатчылардын катуу сынын жараткан. АКШнын мурдагы президенти Трамптын сенат сунуштаган бул "шумдуктуу" документке кемпай же радикадуу солчул демократ гана добуш бериши мүмкүндүгүн айткан жайы бар.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсондун айтымында, Киев менен Израилге жардамды бириктирип жана Штаттардын өз чек арасын коргоо боюнча мыйзам долбоору "күтүлгөндөн да начар чыккандыктан" колдоого алынбайт.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинаны кошпогону үчүн Ак үй Израиль боюнча документке вето коюу ниетинде
Жаңылыктар түрмөгү
0