Бишкекте көп балалуу энелер сыйланып, орден, медаль тагынышты. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте көп балалуу энелер сыйланып, орден, медаль тагынышты
Бишкекте көп балалуу энелер сыйланып, орден, медаль тагынышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Шаар боюнча 72 аял Баатыр эне орденин, 59у Эне даңкы медалын алды.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкекте көп балалуу энелер Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекеттик сыйлыктарды аларга шаардын төрт районунун акимдери тапшырып, энелерге ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашкан.
Наам, сыйлык алган энелер:
Биринчи май району боюнча 17 аял Баатыр эне ордени, 13ү Эне даңкы медалын алган;
Октябрь районунда төрт аял Баатыр эне ордени, жетөө Эне даңкы медалы менен сыйланды;
Свердлов районунда 14 аял Баатыр эне ордени, 23ү Эне даңкы медалы менен сыйланды;
Ленин району боюнча 37 аял Баатыр эне ордени, 16сы Эне даңкы медалын алган.
Нарын облусунда жайлоодо аял баласын өөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Эне дасторкондун четинде отуруп эле чөйрөнү өзгөртөт. Бала тарбиясы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0