Жолдош Жанжигит уулу Бишкек шаардык драма театрынын директору болуп дайындалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктер Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив
Актер Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жолдошбек Жанжигит уулу Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу театрдан кабарлашты.
“Жаңы жетекчи 6-февралда жалпы жамаатка тааныштырылды. Жолугушууда театрдын репертуардык саясаты, чыгармачылык ишмердүүлүктүн багыттары, долбоорлор талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Жолдошбек Жанжигит уулу эмгек жолун "Учур" театрында актер, акыркы жылы көркөм жетекчи (2001-2017-жылдары) болуп баштаган. 2011-жылдан бери Кыргыз-түрк "Манас" университетинде ага окутуучу. 2020-жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын директору болуп иштеген. Соңку жылдары Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгында иштеп келген.
Актер Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2018
Жолдошбек Жанжигит уулу — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0