Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Министрлик: окуучуларга нарк-насил боюнча улут наркы сабагы кирет

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу Билим берүү жана илим министрлигинин Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Индира Токонова
Билим берүү жана илим министрлигинин Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Индира Токонова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Индира Токонова "Улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө" улуттук программа тууралуу айтып берди.
5-10-класстын окуучуларына нарк-насил боюнча сабактар өткөрүлөт. Бул тууралуу Индира Токонова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Министрлик: окуучуларга нарк-насил боюнча улут наркы сабагы кирет
Анын айтымында, тийиштүү тарбиялык сааттардын программасы түзүлгөн.

"2022-жылдын 30-августунда президенттин "Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча" №303 жарлыгы чыккан. Анын алкагында программа иштелип чыгып, жол картасы бекитилди. Анда каада-салт, нарк-насилди сактоого, жайылтууга багытталган аракеттер камтылган. Билим берүү багытында алсак, окуу пландарга улут наркы сабактарын киргизүү каралган. Учурда 5-10-класстар арасында нарк сабактары боюнча тарбиялык сааттарды өтүү программасы түзүлдү. Мындан тышкары, окуучуларга этностор аралык ынтымак, диндер боюнча түшүндүрмө берилет. Бул багытта үй-бүлөдөгү тарбия, нарк-насил, этнопедагогика, улуттук баалуулуктар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө", — деди Токонова.

Ошондой эле ал улуттук нарк боюнча концепция иштелип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0