Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Депутат: ТЭЦте диверсия эмес, шалаакылык болгон, жетекчилер жооп берсин

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Эл өкүлү ири стратегиялык объектиде бир жылда үч жолу директор алмашканын эске салды.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. "Эч кандай диверсия эмес, бул — шалаакылык". Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бишкек ТЭЦиндеги аварияга жетекчилер түздөн-түз жооп беришин талап кылды.
Ал жаралган жагдайга саясий баа берүү керек деп эсептейт.

"1960-70-жылдары курулган ТЭЦти иштете албай ушундайга бардык. Бул эч кандай диверсия эмес, бул — шалаакылык, ишти билбестик деп ойлойм. Анткени чоң стратегиялык объектиде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Жакшы, кудай сактап түндө жарылды, күндүз болсо эмне болмок эле? Миллиарддан ашык чыгым болгонун айтышууда. Канчалаган эл жабыркады, дүрбөлөң түштү", — деди эл өкүлү.

Кесиптешинин сөзүн Улугбек Ормонов да колдоп, авариянын эмнеден келип чыкканын иликтеген ведомстволор аралык комиссияга ЖК депутаттары кирбей калганына нааразы болду.
Буга чейин ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Бишкек ТЭЦиндеги жарылууда диверсия болушу мүмкүн деген божомол да каралып жатканын билдирген.
Бишкек ТЭЦинин морлору. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги жарылуунун очогу кайсы жерде жайгашканы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0