Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шерматова: азыр абитуриенттер окуу жайга өз талабы менен келишет

© Sputnik / Асель СыдыковаЖусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова өлкөдөгү окуу жайлар ааламдашуу доорунда артта калбоо үчүн жан үрөп иштээрин айтты.
Интернет желесинин пайда болушу менен аалам алаканга салгандай эле көрүнүп калды. Андыктан абитуриенттердин да талабы өстү. Азыркы муун окуу жайга өз талабын тартынбай айтып, каалоосун так билген жаштардан турат. Мындай пикирин Саадат Шерматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шерматова: азыр абитуриенттер окуу жайга өз талабы менен келишет
Анын айтымында, улуттук университет 16 багыт боюнча кош диплом берүү системасында окутат.

"Билим тууралуу сөз болгондо мурдагыдай бир кесипти үйрөнүп алганга канааттанган заман өтүп баратканын байкайбыз. Азыр студенттер окуп жаткан билим уясына өз талаптарын коюп, каалоолорун тартынбай айтышат. Педагогдор да ошого ылайыкташууга жан үрөйбүз. Бул бизде эле болуп жаткан көрүнүш эмес. Бардык мамлекеттер билим берүүдө буга туш болуп жатышат. Андыктан биздин университет да заман талабынан калбаш үчүн 2+2, 2+1 сыяктуу программаларды киргизип, ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен келишим түзүп, кош диплом берүү системасында окута баштадык. Азырынча 16 багыт боюнча кош диплом программалары иштейт. Алар негизинен Россия менен Казакстандын ЖОЖдору менен биргеликте ишке ашууда. Мында эки жыл бизде окуса, эки жыл кошуна мамлекетте же эки жыл мында билим алып, бир жыл ал өлкөдө окуп келишет. Бул бир эле адистикти ар тараптан билүүгө жол ачып, студенттин дүйнө таанымын, маданиятын кеңейтет. Ал эми илим жаатында сөз кыла турган болсок, өзгөчө Россия менен тыгыз иштешүүдөбүз. Учурда биздин университеттин базасында аталган өлкөнүн эки илимий борбору ачылган. Биринчиси Алтай-түрк дүйнөсүн изилдеген борбор болсо, экинчиси Россия Федерациясы тууралуу адекваттуу, тастыкталган илимий маалыматтарды жайылтуу багытында иш алып барат", — деди Шерматова.

Ал аталган өлкөлөрдүн илимпоздору менен биргеликте кызыктуу илимий долбоорлор иштеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0