Алматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС РКАлматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды
Алматыда жер көчүп, үйлөрдү басып калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Жабыркагандарды издөө иштери уланууда.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Алматыда жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, жер көчкүнүн жүрүшүнө муздак суу түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Кырсык тууралуу маалымат Казакстандын тиешелүү органдарына түнкү саат 02:20лар чамасында түшкөн.

"Жер көчкүдөн эки үй жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал үйлөрдө төрт киши болгон. Анын экөө балдар", — деп жазылат кабарда.

Окуя болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдө жашагандар түндө эвакуацияланып, керектүү жардам көрсөтүлгөн соң жакындарынын, туугандарынын үйлөрүнө кетишкени айтылды. Жабыркагандарды издөө иштери уланууда.
Жолдогу жаракалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Мамкурулуш: Кыргызстанда 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо баары кулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0