ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү таанылышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Архив
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Буга чейин депутат Эмил Токтошев Казакстанда жашап турууга уруксаты бар кыргызстандыктарга ата мекендик күбөлүк менен унаа айдоого тыюу салынып жатканын айткан.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн таанылышы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Буга чейин депутат Эмил Токтошев Казакстанда жашап турууга уруксаты бар кыргызстандыктарга ата мекендик күбөлүк менен унаа айдоого тыюу салынып жатканын айткан. Эл өкүлү алар Казакстандын айдоочулук күбөлүгүн алууга мажбурланып жатканын белгилеп, бул Кыргызстан менен Казакстан кабыл алган жол кыймылы боюнча эл аралык конвенцияны бузуу болуп саналарын кошумчалаган.

"Казакстандын аймактык-административдик полициясынын (автоунаа инспекциясынын) кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда. Мындан улам алар ички мыйзамдардын жоболору боюнча айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат. Министрлик казак тарапка Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү коңшу өлкөнүн аймагында да күчүн жоготпой турганын полиция кызматкерлерине түшүндүрүп коюуну өтүндү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирди", — деп жазылат министрликтин кабарында.

ТИМ элчилик бул маселе боюнча иштеп жатканын, жакында Казакстандын ИИМ жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылганын кошумчаланды.
Москва шаарындагы такси. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Россияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салчу долбоор артка кайтарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0