Депутат: бизде рак болгондорду дароо эле "кесебиз" дешет, ары жагы — лотерея

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Марлен Маматалиев. Архив
Депутат Марлен Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Эл өкүлү өлкөдө дартты аныктоочу замандап технологиялар жоктугунан туура эмес диагноз коюлуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бизде рак менен ооругандарды дароо эле "кесебиз" дешет, ары жагы — лотерея. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Ал Кыргызстан онкологиялык оорулар боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турарын, илдет күнүнө 15 адамдан аныкталарын айтты. Расмий катталбагандар дагы ошончо болушу мүмкүн.

"Өкүнүчтүүсү жана кызыктуусу — жарандар онкологиялык ооруканага барса заманбап жабдуунун жоктугуна байланыштуу көп учурда диагнозу туура эмес коюлат да, дароо эле "кесебиз" дешет. Ары жагы лотерея — же аман калат, же каза болот. Мисалы, бир экс-депутат досумдун апасын бул жактан кесебиз дегенде болбой Түркияга алып барса, "эч кандай кесүүнүн кереги жок" деп дары-дармек жазып берген. Эки-үч айда жакшы болуп калды. Анын го акчасы бар экен, колунда жоктор эмне болот", — деди депутат.

Ал Россиянын Омск шаарынан заманбап технология менен жабдылган мамлекеттик онкологиялык оорукананы көрүшкөнүн айтты. Депутат россиялыктар "келишим түзүп келгиле" деп жатканын, баасы Түркиядан 10 эсе арзан экенин белгиледи.
Мындан улам Маматалиев президенттин ЖКдагы өкүлүнө Улуттук онкология борборунун директорун Омскиге барып келишим түзүп келишин сунуштады.
Ооруканада жаткан аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Кыргызстан рактан өлгөн адамдын саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда турат
Жаңылыктар түрмөгү
0