Тасма тартчуларга мүмкүнчүлүк. Өлкөдө эл аралык "Үмүт" кинофоруму өтөт

© Фото / Unsplash / Riccardo SanmartiniКөйнөкчөн адам камераны кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Көйнөкчөн адам камераны кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө авторлор тарта турган тасмаларын баяндап беришет. Анын жыйынтыгы менен режиссёрлор долбооруна жарым-жартылай каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүгү бар.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 29-марттан 1-апрелге чейин өлкөдө "Үмүт" эл аралык кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Форум режиссёрлордун жаңы ысымдарын табуу, таланттуу жаштарды колдоо, КМШ өлкөлөрүнүн кинематография жана маданият тармагындагы диалогун өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
"Бул жылы тасмаларды көрсөтүү кино адистери менен талкуу форматында болот. Анда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинематография адистеринин эксперттик пикирлери, сунуштары айтылат. Ошондой эле белгилүү кинематографисттердин кызыктуу мастер-класстары жана абройлуу дүйнөлүк кинофестивалдардын катышуучуларынын фильмдери көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандары үчүн питчинг сессияларды (авторлор тарта турган тасмаларын баяндап беришет) өткөрүү да пландалган. Анын жыйынтыгы менен режиссёрлор үчүн жарым-жартылай каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Иш-чарага катышуу шарттары менен сайтынан тааныша аласыздар.
Арыздар 18-мартка чейин кабыл алынат.
Кинорежиссер Болот Шамшиев кесиптешетри менен кино тартып жаткан кези. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0