Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан президенти Илхам Алиев. Архив
КР президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан президенти Илхам Алиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Азербайжанда кечээ, 7-февралда, президенттик шайлоо өткөн.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Илхам Алиевди Азербайжандагы кезексиз президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Жапаров Азербайжандын президенти Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Жапаров Алиевди 7-февралда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, боордош азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады", — деп айтылган куттуктоодо.

Эки лидер Кыргызстан менен Азербайжандын өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулаган.
Эске салсак, Азербайжанда кечээ, 7-февралда, кезексиз президенттик шайлоо болду. Анда эң көп добушту — 92,4 пайызды Алиевдин алганы айтылды. ЖМКлар экинчи орунга Азербайжандын Улуттук Кеңешинин депутаты Захид Оруж чыгып, добуштардын 2,2 пайызына ээ болгонун жазды.
Азербайжандын президенттик шайлоосунда Илхам Алиевдин жеңишин эл Бакуда майрамдоодо. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Шайлоодо жеңген Илхам Алиевди бир катар өлкөлөрдүн лидерлери куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0