Баласы ооруканада калып, энеси Россиядан депортацияланган. ТИМ кабарды төгүндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министрлигинин имараты. Архив
Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Министрлик баланын үй-бүлөсүнөн маалыматты мындан ары ЖМКларда таратпоону суранганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. ТИМ Екатеринбургда кыргызстандык аял баласын ооруканада калтырып, өзү депортацияланганы тууралуу ЖМКга тараган маалыматты төгүндөдү.
Билдирмеге караганда, 7-февралда Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу кыргызстандык бала жаткан Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барган. Бөбөктүн абалы туруктуу деп бааланып, февралдын аягына чейин дарыланары айтылды.

"Дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүп, анын дарылануусу Екатеринбург шаарында улантылары боюнча чечим кабыл алынган. Баланын энеси Россиядан депортацияланган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аны Россияга киргизбөө боюнча чечим белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынган", — деп жазылат кабарда.

ТИМ баланын үй-бүлөсүнөн маалыматты мындан ары ЖМКларда таратпоону суранганын кошумчалаган. Бул иш министрлик менен Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.
Полиция кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
7-январдан тарта мигранттар Россияда иштей баштаганын ИИМге кабарлашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0