Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү. Максат-милдети

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаБишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү
Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин иштеген ишинин 100 күндүк отчетунда айтылат.
Анда министрлер кабинетинин чечими менен муниципалитетке абаны таза кармоо боюнча ыйгарым укуктар берилгени белгиленген.
"Жаңы инспекция 2023-жылдын 15-декабрында түзүлгөн. Ал жашылдандыруу иштерин, санитардык нормаларды жана айлана-чөйрөнү коргоону көзөмөлдөйт. Инспекторлор үчүн атайын форма тигилип, бюджеттен тышкаркы каражатка 11 кызматтык электромобиль сатып алынды", — деп айтылат отчетто.
Бишкекте эки көчө темир жолду кесип өткүдөй болуп узартылат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Бишкекте эки көчө темир жолду кесип өткүдөй болуп узартылат. Мэрдин буйругу
Жаңылыктар түрмөгү
0