Кыргызстандык урологдор Түркияга бөйрөк алмаштыруу боюнча окууга барат

© Фото / пресс-служба Минздрава КР Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт
Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Жазылуу
Бүгүн төрт уролог жөнөтүлсө, бир айдан соң дагы төрт дарыгер билимин тереңдетүүгө жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Улуттук госпиталдын сегиз дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар Түркиядагы органдарды трансплантациялоочу алдыңкы клиникалардын биринде окуп келишет. Төрт урологдон турган топ бүгүн, дагы төрт дарыгер бир айдан кийин учуп кетет", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда даярдалган адистер окутуудан кийин Кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай турганы айтылды.
Буга чейин Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган. Алгач акысыз 50 операция жасоо пландалган болсо, эми гемодиализ алып жаткан бардык 2 500 бейтапка бекер операция жасоо керектиги айтылган. Бөйрөк алмаштыруу операциясына мамлекет бир бейтапка 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт.
Операция жассо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
КРде боор жана чучук алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0