Ата-энесин карабагандарды мураскорлуктан ажыратуу мыйзам долбоору сунушталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКарылар үйүндөгү улгайган адам. Архив
Карылар үйүндөгү улгайган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жазылуу
Долбоордун максаттарынын бири — мурасты адилеттүү бөлүштүрүү.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ата-энесин карабай же карылар үйүнө таштап кеткен балдарды мураскорлук укугунан ажыратуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Ага ылайык, кеминде беш жыл камкордугуна алып караган баласы биринчи кезекте мураска ээ болот. Максаты — балдарды улгайган ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттендирүү жана мурасты адилеттүү бөлүштүрүү.

"Мисалы, төрт бир тууган, бирок өздөрү эмес, аялдары соттошкон учурлар болгон. Эгерде атасы каза болсо, энеси карылар үйүнө жеткирилет да, балдары мурасты бөлүшө башташат. Улгайган кезинде балдары карабаса керээз боюнча да, мыйзам боюнча да мурастоо укугунан ажыратуу долбоордун негизги бөлүгү. Кыргыздардын салты боюнча, ким карыган ата-энесин караса, мүлкү ошого же керээз калтырган адамга берилет. Эгер жок болсо, анда бардыгы кичүү уулуна өтөт", — деп жазылат негиздеме маалым катында.

Ошондой эле азыр интеллигенциянын балдары да мурас үчүн соттошуп жатканы белгиленип, үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу керектиги айтылган.
Карылар үйү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Ата-энесин таштап кеткендерди мамкызматка албай, алиментти көбөйтүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0