Эне жана баланы коргоо борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖилик чучугун трансплантация бөлүмү. Архив
Жилик чучугун трансплантация бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жазылуу
Буга чейин Түркия Кыргызстанда боор менен жилик чучугун алмаштыруу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен жолугуп, алар аталган оорукананын балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүндө болушкан.
Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилигине ооруканада жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырган.
"Ал эми Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды", — деп жазылат маалыматта.
Министр ошондой эле балдар онкологдору жана лаборанттар менен жолугушуу өткөрүп, жилик чучугун трансплантациялоо боюнча окууга чет өлкөгө жөнөтүлө турган 10 адамдан турган топ түзүү тапшырмасын бергени кошумчаланды.
Буга чейин Түркия Кыргызстанда боор менен жилик чучугун алмаштыруу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
Дарыгерлер ооруканада операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Кыргызстанда боорду алмаштырган алгачкы операция жайында жасалышы күтүлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0